66 жаштагы Американын жашоочусу катуу жөтөлдөн улам кабыргасы сынып кеткенин билген эмес. Мындай таржымалды   The New England Journal of Medicine  журналы жазып чыккан.

Кургак жөтөлдүн айынан дарыгерге кайрылган аял оң жак капталы дагы катуу ооруп жатканын айткан. Ал ооруканага ооруп жатканына 2 жума болгондон кийин кайрылган. 5 күн өпкөсүн дарылап, бирок ооруганы басылбагандыктан, кезектеги текшерүүдөн кийин анын кабыргасы сынып кеткенин көрүшкөн. Аял жакынкы убактан бери эч кандай жыгылып, жараат алган эместигин айткан.

Томографиядан тогузунчу кабыргасы сынып кеткени көрүнүп,аны хирургиялык жол менен оордуна келтиришкен.

Женщина из-за сильного кашля сломала ребро

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here