Чагылган: Эки күн мурун Казакстандын Актөбө облусунда жүрүп бараткан автобустан өрт чыгып, эшик ачылбай калгандыгына байланыштуу анын ичиндеги 52 адам каза тапкан эле. Анын баары Өзбекстандын жарандары болгон. Мындан улам бул мамлекеттин президенти Шавкат Мирзёевдин:  « Бул каргаша көп нерсени ачыкка чыгарып койду. Эл алдында жасай турган ишибиз көп экенин көрсөттү. Биз тийиштүү шарт түзүп бере албагандыктан жарандарыбыз башка мамлекеттен иш издөөгө аргасыз болуп жатканын айгинеледи«, — деп айтканын РИА агенттиги жазып чыкты. Акылдуу президенттер гана ушундай ачуу чындыкты ачык айтышат. Айрымдар мындай каргашалуу окуяны айдоочуларга,ажалга шылтап эле тим болуп жатышканын көрүп эле жүрбөйбүзбү.

учурда Казакстандык үч айдоочу менен жаракат алган, андан башка дагы эки өзбекстандык жүргүнчү учурда сурак берип жатканы маалым болду.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here