Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев министр болуп келгенден тарта Кыргызстанда көп катталган эне менен бала өлүмүн кыскартуу, бул маселени жакшыртуу боюнча көп иштер жасап жатканын билдирген. Жыйынтыгында былтыр бул көрсөткүч мурунку жылдырга салыштырмалуу кыйла жакшырган. Ал ушул жумада берген интервьюлардын биринде: «Мен бул маселеге катуу көзөмөл кылып жатам. Ар бир райондо төрөт маселеси кандай болуп жатканын мага күндө эртең менен төрөткана башчылары түзмө-түз вотсап аркылуу маалымат беришет» — деп айткан болчу. Министрдин бул акыркы маеги жарыялангандан 3 күндөн кийин, тагырагы бүгүн эртең менен Чүй облустук төрөт үйүндө 42 жаштагы Роза Жусубалиева деген айымдын төрөттөн улам каза тапканын Чагылганга маркумдун сиңдиси Анара Жусубалиева билдирген. Бул боюнча министр Батыралиев биздин сайтка: «Бул маселе боюнча толук маалыматым бар. Кайгылуу окуя болуп калды.  Кечээ маркумдун туугандарын кабыл алгам. Врачтардан ката кетти деп айтышты. Мен бул маселени аягына чейин акыйкат изилдейм. Бирок маркумдун төрөгөнгө чейин да оорулары бар болгонун айта кетели. Мына ошол оорулар да кошул-ташыл болуп кетсе керек. Бүгүн биздин тиешелүү адисттер маркумдун өлүмүнүн себептерин талапка ылайык текшерип жатат…» — деп билдирди.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here