Кара-Суу районунда пара менен кармалган милиционер — кикбоксинг боюнча Кыргызстандын, Азиянын чемпиону Р.А. соттун биринчи инстанциясында акталды. Бирок бул чечим менен Кара-Суу райондук прокуратурасы макул эмес.
2017-жылдын 30-декабрында Кара-Суу райондук соту КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 304-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 313-берене (пара талап кылуу) менен айыпталган шектүүнү актоо өкүмүн чыгарган. Буга анын кыймыл-аракетинде кылмыштын курамы аныкталбаганы себеп болду.
Райондук соттун билдирүүсү боюнча, отурумда негизги күбө тергөө учурунда айткан көрсөтмөлөрүн жокко чыгарган. Ал айыпталуучуга акча карыз болгонун, 2017-жылдын 15-майында Кара-Суу РИИБге барганда айыпталуучу ага карызын доолап катуу айтканынан намыстанып жалган арыз жазганын айткан. Ошондой эле, башка күбөлөр дагы айыпталуучуну кармалган учурда гана көрүшкөнүн айтып, анын кызматынан пайдаланып акча талап кылганын тастыктоодон баш тартышкан.

«Айыпталуучуну кармоо учурунда тартылган видеотасмадан шектүүнү кармоого даярданып жаткан атайын топтун мүчөлөрүн гана көрүүгө болот. Айыпталуучу акчаны талап кылган же алган учур чагылдырылган эмес», — деп айтылат райондук соттун билдирүүсүндө.

Мунун негизинде жана КРнын Жазык-процессуалдык кодексиндеги 316-беренеге таянган Кара-Суу райондук соттун судьясы айыпталуучуга карата актоо өкүмүн чыгарып, бөгөт коюу чарасын өзгөртүүсүз — үй камагы бойдон калтырган.
Маалым болгондой, райондук прокуратуранын апелляциялык арызы Ош облустук сотунун кароосуна берилген.

Окуя тууралууу:
40 миң сом пара алууга шектелип кармалган Кара-Суу РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Р.А. ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан. Ал Кыргызстандын кикбоксинг боюнча 3 жолку чемпиону, кикбоксинг боюнча дүйнө кубогунун ээси (2011), вале-тудо боюнча Азия чемпиону болгон.
ИИМдин кызматкерлери ыкчам маалыматтын негизинде пара алууга шектүүнү кармоо операциясын 2017-жылы 19-майда жүргүзүшкөн. Маалыматтар боюнча, жооптуу кызматтагы адам 1 миң доллар пара талап кылган. Саат 15:30 чамасында Ош шаарында ал каражаттын 40 миң сомун алып жаткан жерден кармалганы маалымдалган болчу.
http://www.turmush.kg/news:338810?from=turmush&place=nowread

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here