Чагылган: Орус элинин обу жок саясатчылары аз эмес. Алардын бири бизге жакшы белгилүү Владимир Жириновский деген «жинди» эмеспи. Бул адам орус саясатындагы шоумендердин бири болуп, оюна эмне келсе, ошону айтып, айкырып-өкүрүп жүрө берет. Путинге да далай асылганы менен, Путин ага тең келбей, болгону мыйыгынан күлүп келет. Бул адам мындан бир канча жыл мурун эле берметибиз болгон Ысык-Көлгө суктанып: «Ал көлдү кыргыздар орус элине ижарага бериши керек. Себеби, Кыргызстандын Орусияга болгон карызы көп»- деп кыйкырып келген. Жирновский бул ит оорусун дагы карматыптыр. Белгилүү болгондой мурунку президент Алмазбек Атамбаев былтыр 20-июнда Кыргызстандын Орусияга болгон карызын толук, тактап айтканда 240 млн. долларды кечтиргенге жетишкен. Бул маселени РФ Думасы кечээ ратификация кылуу маселесин талкуулашкан.

Ошол кезде Думада ЛДПР фракциясынын лидери Жириновский: «Карыздарды кайрадан кечип жатабыз. Россия гүлдөп өнүгүшү үчүн эч кимге карыз бербеши керек. Ошондо алар гүлдөгөн мамлекетке качып келип жашашат. Россиянын борбору ансыз деле кедей жашап жатса, биз карыз акча берип жатабыз. Мен Кыргызстанга буга чейин сунуш кылгам. Аларда Ысык-Көл бар. Аны бизге 99 жылга ижарага берсин. Биз болсо карызды кече беребиз. Ал көлгө биздин пенсионерлер, студенттер, майыптар эс алып турушсун» — деп 19-январда айтканын ИА REGNUM жазып чыкты.

Бул адам ичине таруу айланбаган бир байкуш экен. Кыргыздардын берметтей көлүн көрө албай өлүп-тирилип жаман сөз айтып келет. Мындай ниети жамандарды касиеттүү көлдүн кусуру уруп кетер бекен. Кыскасы, Жирновскийдин бул айтканы эгерим ишке ашпаган кур кыял экенин так кесе айтууга болот. Төмөндөгү тасмада Жирновсикй бул маселени 4 жыл мурун көтөргөнүн көрүүгө болот

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here