Актер Кубанычбек Адыловду мурда казак актеру деп ойлочумун. Кыргызстандык экенин кийин эле билип, ошондон бери интервью алгым келип жүргөн.

Убакыт-сааты эми келди окшойт, бир нече күн мурда аны менен телефон аркылуу байланыштым.

Кубанычбек Адылов Ысык-Көл облусунда туулуп-өскөн. Орто мектепти аяктагандан кийин Фрунзедеги Айыл чарба институтуна инженер-механик адистиги боюнча тапшырган. Бирок чыгармачыл жан дүйнөсү башка нерсени эңсеп туруп алганбы, айтор, 1991-жылы Казакстанга кетип калган. Ошол эле жылы Казакстан мамлекеттик театр жана кино институна окууга алынган. Учурда немис драма театрында иштеп, Искусство академиясында сабак берет.

Мени менен сүйлөшкөндө көпчүлүк маектештердей болуп «интервьюнун суроолорун алдын ала жибер, жазып бүткөндөн кийин макулдаш» деп талап койбогону жакты.

— Кубанычбек мырза, Казакстанда окууну аяктаган кийин эле иштеп калдыңыз беле?

— Ооба, окууну 1994-жылы бүтүрүп, Республикалык куурчак театрына актер катары жумушка орношком. Ошентип улам бир театрда иштеп отуруп, карьерам ушул жерде жасалды.

— Кыргызстанга канча убакытта бир келип турасыз?

— Мекенге бат-баттан эле каттап турам. Караколдо үйүм бар. Тилекке каршы, ата-энемдин көзү өтүп кетти. Өзүмдүн үй-бүлөм жанымда, Казакстанда.

— Кинодо ролдоруңуз абдан эле аз го?

— Кинодон ар дайым баш тартып келем, бул процесс меники эмес. Мен театр адамымын. Киного көп убакыт короткум келбейт. Кез-кезде гана жакшы гонорар сунушташса макул болом.

— Анда Эрнест Абдыжапаровдун «Уурунун махабаты» жана Россия менен биргеликте тарткан «Гаишники» тасмаларына кандайча тартылып калдыңыз эле?

— «Уурунун махабаты» тасмасы тартылаар алдында мен Караколдо болчумун. Үйдө жүрсөм тасманын директору Канат деген жигит келип, телефон номерин калтырып кеткен. Бишкекке барганда кастингге катышып, өтүп кеттим. Ошентип бирге иштешип калгандан кийин «Гаишники» тасмасын тартышып, дагы бир роль аткарып берүүгө Эрнест Абдыжапаров чакырган.

— Казакстанда актер гана эмес режиссер катары дагы таанымал экенсиз…

— 2007-2008-жылдары Санкт-Петербургда режиссерлук курстан өткөм. Ошондон бери режиссерлук менен алектенип жүрөм, 20дай спектакль койдум. Азыр Laboratory 316 деген эркин труппам бар. Ушул тапта Том Стопорддун «Розенкранц и Гильденстерн мертвы» чыгармасын коюп жатабыз. Негизи Казакстанда Европа театрларынын тажрыйбаларын көп колдонушат. Мисалы, көз карандысыз долбоорлорду. Мында ар кайсы театрлардын актерлору чогулуп, убактылуу труппа түзө коюп, спекталдерди коебуз.

— Жаштайыңыздан бери коңшу өлкөдө иштеп, ал жактын искусствосуна салым кошуп жүргөн экенсиз. Өзүңүздү көбүрөөк кыргыз элестетесизби же казакпы?

— Мен кыргызмын, албетте. Кыргызстанда көп жүрөм, ал жакта үйүм бар, бул жакта иштеп жүрөм. Ысык-Көл менен Алматынын ортосу анча деле алыс эмес, ошондуктан өзүмдү чет өлкөдө жүргөндөй сезбейм. Балким Америка же Автралияда жүрсөм, чоң айырма сезилмектир. Мен кадимки катардагы кыргызмын. Бир миллиондон ашуун кыргыздар чет жерлерде гастарбайтер болуп жүрүшөт, мен ошолордун биримин.

— Кыргыз киносуна, актерлорунун аракеттерине байкоо саласызбы?

— Чынын айтсам, азыр эч нерсеге убактым жок. Кино көрбөйм.

— Кыргызстандагы театрлардын ишин кандай баалайсыз?

— Кыргызстандын театрын абдан жогору коем. Анткени, алар эркин, ачык. Башка жактан режиссерлорду чакыруу тажрыйбасы колдонулат. Артисттер чет өлкөлөрдөгү фестивалдарга катышып турат. Бул абдан жакшы көрүнүш, жарандык активдүүлүктөн кабар берет. Ар тараптан жетилген коомдо гана театр өз боткосуна кайнай бербей, өнүгүү, изденүү жолунда болот. Кыргызстанда ушул нерселердин баары бар.

Элибиздин чыгармачыл потенциалы абдан күчтүү, бул эл катары сакталып калуунун бир жолу болсо керек. Алты миллион калкыбыздын арасында оргуштаган таланттар көп. Сыймыктанбай койбойсуң.

Булак:sputnik.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here