«Кыз-жигит Сармерден» долбоору көпчүлүктүн сүйүктүү берүүсүнө айланган. Ажал айттырып келбейт. Долбоордун биринчи алып баруучусу Гүлзат Батырканова 2015-жылдын 2-январында жол кырсыгынан каза болсо, ордуна келген Гүлбүбү Ороскул кызын да былтыр ажал арабыздан алып кетти.

Андан бери төрт ай өттү. Элдин сүймөнчүлүгүнө айланган берүүнүн мындан аркы тагдыры кандай болот? Sputnik Кыргызстан агенттиги долбоордун режиссеру жана продюсери Сагын Ниязалиева менен маек куруп, эрте кеткен шайыр жеңелер жана долбоордун келечеги тууралуу сүйлөштү.

Народная акртистка Кыргызстана Гүлзат Батырканова на концерте
Гулзат Батырканова «Кыз-жигит. Сармерден» долбоорунун алгачкы алып баруучусу

— Шайыр жеңеге кастинг жарыяланыптыр, «Кыз-жигит Сармерден» кайра улана турган болдубу?

— Гүлбүбү каза болгондон бери төрт айга чукулдап калды. Анын өтүп кетиши ушунчалык күтүүсүз болду, айлап ишене албай отуруп калдык. Бирок тирүүлүктүн күнү өтө берет экен, «убакыт өткөрүп анан баштайлы» деп жатсак КТРКнын жетекчилиги «Ноорузга карата «Сармерден» уюштургула» деп калды. Анын үстүнө «Кыз-жигит Сармерден» элге тез эле сиңип, миллиондогон көрүүчүлөрдүн, анын ичинде улуу муундун жүрөгүнөн орун алган, кан-жаныбыздан жаралган долбоорду жаап сала алган жокпуз. Мындан улам Нооруз майрамына карата оюн даярдайлы деп азыр шайыр жеңеге кастинг жарыяладык. Учурда коомчулук «Гүлбүбүнүн ордуна ким болот экен» деп аябай күтүп жатат. Гүлзат каза болгондо да ошондой кептер айтылган. Биз да ошондо «буюрса» деп жүрүп Гүлбүбүнү тапканбыз. Бирок Гүлбүбү да бизге буюрган жок, ажалга айла жок экен. Мен көп эле долбоор, берүү жасагам, бирок алып баруучулукка мынча кызыккандар болгон эмес. Азыр айрымдары «ай, Сагын эже сени шайыр жеңе бол десе болбо» деп айтып жатыптыр. Бир чети жаман болсом, бир чети күлкүм келди. Адамды алтын сандыкка салса дагы ажал алып кетем десе ал жактан деле алып кетет. Бирок, Кудай сактасын, колубуздан келген кыргызга тиешелүү ырым-жырымдарды жасаганга аракет кылдык.

— Кандай ырым-жырым?

— Түлөө өткөрүп, куран окутуп, кан чыгардык. Арбакты ыраазы кылганга аракет кылдык. Гүлзат да, Гүлбүбү да дайым жүрөгүбүздө, экөө тең өзгөчө жандар эле, бирок айла жок. Алар Сармердендин тарыхында өмүр бою кала турган инсандар.

Артисты на программе Сармерден на КТРК
Долбоордун башталганына беш жылдан ашты

— Гүлзат Батырканова менен Гүлбүбү Ороскул кызын да шайыр жеңеликке тандаарда ушундай кастинг жарыяланды беле?

— «Сармерден» жаңы башталганда мынчалык саясат жок болчу. Долбоорду ачыш керек болуп, мен ага ылайык алып баруучу издеп баштап, эсиме Гүлзат келди. Себеби Гүлзат кичинекей кезинен шыңкылдаган, жаркылдаган, дайыма күлүп жүргөн кыз эле. Филармониянын чоң коллективинин ичинен Гүлзаттан башка эч кимди көрө алган жокмун. Анын үстүнө ата-энеси Шахра Талипова менен Эркин байке залкар музыкант адамдар. Гүлзатты мен-мен деген залкарлар тарбиялап, такшалткан. Мен ага алып баруучулукту сунуштаганда эле дароо макул болгон. Гүлбүбүнү деле чакан коллектив менен тандап алганбыз. Башында Гүлбүбү кичине коркуп, сүрдөп, «сахнага чыксам эле Гүлзат эже көз алдыма келип жатат» деп жүрдү. Бирок тизгинди бат эле колуна алып, ар бир берүүгө түрдүү кылып өзүнүн каражатына кийим тиктирип, алып баруучулукту чоң жоопкерчилик менен аркалады. Айрымдары башында «Гүлбүбү Гүлзаттай алып бара албайт» деген кептерди да чыгарып жатышты. Ошондо мен Гүлбүбүгө «ар бир сөздү өзүңө алба, эч нерседен коркпой иштей бер, биз сага жардам беребиз» деп айткам. Мен эки кызга сунушумду четке какпай макул болгондоруна эки дүйнө ыраазымын.

— Эмне үчүн алып баруучуну бул жолкусунда кастинг аркылуу тандайлы деп чечтиңиздер?

— «Сармердендин» алып баруучусун тандоо азыр чоң саясатка айланып кетти окшойт. Анын үстүнө айрымдары жогорудагыдай «сени чакырса барба» дегенинен чыгармачыл адамдарды эркин коюп кастинг жарыяладык.

Режиссер и продюсер проекта Сармерден Сагын Ниязалиева во время интервью Sputnik Кыргызстан
© SPUTNIK / ТААЛАЙГУЛЬ УСЕНБАЕВА
Сагын Ниязалиева: Учунчу шайыр женени кастинг менен тандайлы деп чечтик

— Жаңы шайыр жеңеге кандай талаптар коюлду? «Болом» дегендер барбы?— Бирөөлөр шатыра-шатман эле «бардыгы буйруктан» деп келип жатышат. Мен эч кимди «сен бол» деп чакырган да, мажбурлаган да жокмун, баарына жалпы жарыя кылдык. Ал эми жаңы шайыр жеңе ырдап, тили так болуп, сахнадан коркуп, сүрдөбөй, сөздүн гүлүн терип сүйлөгөндү билиш керек. Ошондой эле 50 жашка чейин болушу кажет, келбетине да маани берилет. Калганын өзүбүз үйрөтүп алабыз. «Чапкан сайын көз чыга бермек беле» дегендей жаманчылыктан кудай сактасын. Кастингге катышам деп жаткан кыз-келиндерге «өзүңөрдү сынап көргүлө, коркпогула» демекчимин. Сармерден бизге ата-бабалардан калган таберик. Гүлбүбү каза болгондон кийин «долбоорду токтотуп койсомбу» деген да ой кетти. Бирок «жок, токтотпошуң керек, ула» деп элдин көбү сурангандыктан кайра аны алып кетүүнү чечтик. Азыр аны эч ким токтото албайт, себеби бул долбоор бери жагы аймактардан тарта чет өлкөлөргө чейин кулачын жайды. Жер-жердин баарында шайыр жеңе, эрке бала бар. Ыр кесе сыяктуу бул долбоорду токтотпой эле коюуну туура көрдүк.

— Гүлбүбү Ороскул кызы каза болгондо бул долбоор тууралуу ар кандай кептер айтылды…

— Баарыбыз оор жоготууга учурап, үй-бүлөсү эс учун жоготуп жаткан учурда айрымдары «Сармерден» кара жолтой, эки кыздын башын жутту» деген түрдүү сөздөр айтылды. Бул жакта кыздар энесинен айрылып кан жутуп отурса оозу менен орок ургандар каалаганын жазып жатты. Булар кудайдан коркпогон кишилер экен. Кеп «Сармерденде» эмес да. Ажал алам десе сахнасы жок үйдө отургандарды деле алып кетип жатпайбы. Биз да суйкайган сулуубузду жоготкондо жаман болдук, мен стресске кабылып үйдө жаттым. Мен эмес, чыгармачыл топтогу жаш кыздар эч нерсе кылгылары келбей үңкүйүп отуруп калышты. Мындай сөздү чыгаргандар, демек, долбоорду, биздин ишти көрө албагандар деп мен баарын Кудайга койдум.

Архивные фотографии известной певицы и ведущей программы Сармерден Гулбу Ороскул кызы

— Буга чейин Гүлбүбү Ороскул кызынын оорудум дегенин укчу белеңиз?

— Гүлбүбү оорудум дегенин бир да жолу уккан эмесмин. Кыйналса да балким эч кимге айтпагандыр. Ал күнү түшкө чукул гезиттеги журналисттердин бири чалып «силердин эрке жеңеңер жакшыбы?» деп калды. Ойдо эч нерсе жок «ооба, жакшы» дедим да дароо Гүлбүбүгө чалсам, кызы алып «апаман айрылып калдык» деди. Ишенип-ишенбей жумуштагылар бири-бирибизди тиктеп отуруп калдык. Гүлбүбү үзүлгөн үйгө араң жеттик. Кыздарын көргөн киши жанына тура албайт. Колунан гана алдырып жибершиптир… (көзүнө жаш алып) Жакшынакай тойго барып, келип кыздары менен чай ичип небересин жыттап «бала деген бакыт турбайбы» деп жаткан боюнча кете бериптир. Тез жардам келип эч нерсе таппай кеткен экен. Көрсө ошол мезгилде ичинен тромб жарылып кетип, кансырап атып каза болуп калыптыр. Байкуш, алты жылдан бери өзүнүн мээнети менен там салып жаткан экен, ошол үйдөн узады. Анын алдында Элмира Кайып кызы каза болгондо мен анын эскерүү бейнесин жасагам. Ошондо Гүлбүбү да сүйлөп жатып «Элмира менин кошунам болчу, жатаканада чогуу жашаганбыз» деп эки-үч жолу кайталап айткан жери бар болчу. Гүлбүбү каза болгондо жай издешип, Кой-Таштын талаа, мүрзөлөрүнөн табылбаган жай так Элмира жаткан жерден табылганы бизди аябай таң калтырды. Аксылык бир байкеси: «жай таптык, бирөө «булбулум» деп бирөө «кургурум» деп бир жерге жатмай болду» деп баарыбызды жашыткан.

— Эрте кеткен эки эрке кыздарыңыздын өзгөчөлүктөрүнө да токтоло кетсеңиз?

— Гүлзат жогоруда айткандай кичинесинен чыгармачыл жашоого аралашкан, такшалган талант эле. Анын он гүлүнүн бир гүлү ачылбай кетти да. Гүлзатта акындык, жамакчылык өнөр бар болчу. Артистик өнөрү күчтүү, журналистик кесипти аяктаган дапдаяр кыз эле. Анын артында бир уул, бир кызы калды. Ал эми Гүлбүбү ички дүйнөсү менен сырткы сулуулугу төп келген, баштаган ишинин аягына чыгарган пери болчу. Бир нерсени сезип-туя билген кыргызчылык касиеттери да бар эле, колунан да баары келчү. Аттиң, баарыбыздын бараар жерибиз ошол, бирок ошону Жараткан кечинен берсин демекчимин. Эки кызыбыздын тең жаш кетип калышы маданият үчүн, жалпы кыргыз эли үчүн чоң жоготуу болду.

— Көп жылдан бери ойнолбой калган «Сармерденге» сиз жан бердиңиз десек болот. Бул идея кайдан келген?

— Бул оюн ата-бабалар колуна комуз алып баштагандан тарта, ак чөлмөк ойнолуп, бекбекей ырдалып баштаганда жаралса керек. Ал мезгилде мал жайлап, жумуш бүткөн соң айыл эли бир үйгө жоро ойнойлу деп чогулушчу экен. Үй ээси колунан келген дасторконун жасап, таң аткыча ошол үйдө ыр-күлкү коштолуп, Манас айтылып, оюн болгонун атам бала кезинде көрүптүр. Анан бул долбоорду баштаарда залкарлар менен кеңешип тарыхын сураштырсам Калыйбек Тагаев да бала кезинде көргөндөрүн айтып берген. Кийин совет мезгили орногондо сармерден жоголуп кеткен.

Бул долбоорду чыгарууга дагы бир себеп, бир кездерде депутаттар фонаграмманы жоюу керек деп ызылдап жатып калды. «Эмне кылыш керек» десек «ырчылар жандуу ырдаган долбоор жасагыла» деп калышты. Анан мен «филармониянын ырчыларынын баары эле жандуу ырдайт» деп жетечиликке «анда кыз-жигит, сармерден оюнун уюштуралы» деп сунуштадым. Алар да, филармониянын артисттери да кош колдоп биринчи берүүнү даярдадык. Биз ойлогондон да сонун болуп, берүү бир дубль менен эле тартылган.

— Долбоор эми канча убакытка чейин созулат?

— Азыр «Сармерденге» аймактардын төрттөн бир эле бөлүгү тартылды. Катыша эле айыл-райондор көп, кээ бири кезекке да турушкан. Азыр министрликтер да «даяр турабыз» деп жатышат. Ошондой эле чет өлкөдөгү мигранттар, жогорку окуу жайда иштегендер да катышалы деп суранышкан. Мындан улам эл суусап, кан-жанынан жаралган оюнду биз токтотуп кое албайбыз. «Кыбыраган кыр ашат» дегендей, алдыда жасалчу жумуштар көп. Дагы-дагы көптөгөн таланттардын көзүн ачабыз деген ой бар.

Режиссер и продюсер проекта Сармерден Сагын Ниязалиева во время интервью Sputnik Кыргызстан

 Булак: /sputnik.kg

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here