Ош шаардык сотунун Ж.К. аттуу судьясына Кылмыш кодексинин төрт беренеси боюнча айып тагылып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, Ош шаардык сотуна 2014-жылы Б.А. аттуу жаран Ак-Буура дарыясынын боюндагы жер тилкесин жана турак жайын анын менчигине каттатып берүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал тилкени узак убакыт ээлеп олтурганы менен жерге ээлик кылуучу документтери болгон эмес. 2014-жылдын 23-сентябрында Ош шаардык сотунун аты аталган судьясы ишти карап доогердин арызын канааттандырган. Муну менен сот жер тилкени мамлекет коргоого алган аймак экенине карабай каттатууга уруксат берген. Сот чечимине ылайык, аймактык каттоо органы Б.А. аттуу жаранга мамлекеттик акт жасап берген.

2016-жылдын 16-январында Ош аймактык бассейндик-суу чарба башкармалыгынын кассациялык арызынын негизинде ишти Ош облустук соту карап, Ош шаардык сотунун чечимин жокко чыгарган. Натыйжада Б.А. аттуу жарандын доо арызын канааттандыруусуз калтырган. Ушул эле чечимди 2016-жылы 2-июнда Жогорку Соттун судьясы да күчүндө калтырган.

Буга байланыштуу Ош шаардык сотунун судьясы өзүнүн чечими менен мамлекеттин карамагындагы жерди менчиктештирүүгө укук бергени аныкталды. Ага Кылмыш кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 328-беренеси (билип туруп акыйкатсыз чечим чыгаруу), 166-беренеси (алдамчылык) жана 179-беренеси (жер тилкесин мыйзамсыз каттоо) боюнча айып тагылууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here