Бул жашоодо адам баласы үчүн тандоо мүмкүнчүлүгү абдан кенен. Баарыбыздын алдыбызда жакшыны же жаманды, оорду же жеңилди тандоо жолу турат. Сиз кандай абалда болсоңуз, бул сиздин тандооңуздун натыйжасы. Тагдырын баян кылган Мээрим бир кезде аракечтин жашоосун тандап жаңылган. Ал башкалардын бул жолго түшүүсүн каалабаганын баса белгилеп, жашоо жыргалын уурдаган ѳткѳн чагын сабак катары баян кылды.

«Бир кезде абдан жакшы кыз элем»

         — Менин абалым азыр бомждардан аз эле айырмаланат. Жүзүм кара кѳк тартып, бетим, кѳзүм шишип турат. Эти качкан денеме эч бир кийим жарашпай калды. 33 эле жаштадым. Бирок мени баары 40тардагы аял деп ойлошот. Мындан улам мени жокчулуктун азабын тартып, кордук кѳргѳн го деп ойлоп жаткандырсыз. Жок, таптакыр андай эмес. Мен облуска аты чыккан, билимдүү, байлыгы ашкан үй-бүлѳнүн кызымын. Балалыгым абдан жакшы ѳттү. Мени ата-энем, чоң ата, чоң энем эркелетип ѳстүрүштү. Мектепте жакшы окуганым мени эжемден артык кылып кѳрсѳтүп турчу. Чоң атам: “Менин жолумду жолдоп илим чѳйрѳсүнѳ кет”, — десе, атам: “Бизнесимдин бир бутагын сен бийлейсиң”, — дечү. Мен алардын бул үмүт тилектерин актоо үчүн болгон аракетимди кылып, китептен баш кѳтѳрчү эмесмин. Ошентип китепканага каттап жүрүп студент кезимде бир жигит менен жактырышып калдым. Чынында мага байлардын, тагыраагы, атамдардын байлыкка чиренип жашагандары жакчу эмес. Жѳнѳкѳй жашоо мага ырахат тартуулачу. Марат ушундай карапайым жашоодон эле. Экѳѳбүз бат эле ынак болуп кыз-жигитке айландык. Биз бири-бирибиз үчүн жаралганыбызды сезип үйлѳнүү чечимин тез арада кабыл алдык. Качан мен бул кубанычымды үй-бүлѳм менен бѳлүшкѳндѳ балакет башталды. Байдын келини, байдын аялы болуп жер баспаган апам заматта Мараттын тек жайын сүрүштүрүп чыгып, аны чанып жатып калды. Али жаш, назик, келечегине ишенип турган мен үчүн бул каршылык катуу сокку болду.

«Ата-энемди коркутуп арак ичтим»

         — Капа болгонум апамдын каршылыгын үйдѳгүлѳр токтоосуз колдоп чыгышты. Менин түшүндүрүүм, суранычым, ыйым эч кимисин жибите алган жок. Үйүбүздѳгү бул абалды Мараттан жашыра алган жокмун. Ал баарын билген соң менден алыстай баштады. Ырас, Мараттын ордунда ким болсо да ушинтмек. Эркектер ѳзүн басынтууну кечире алышпайт эмеспи. Мараттын мамилеси ѳзгѳргѳнүн билген соң мен үйгѳ келбей койдум. Дайыма менден сабагына жардам алып жүргѳн эки группалашым мени батирине батырып алышты. Ошол күнү алардыкына эки жигит келип арак-шарап ичип, тамекини буркуратып майрам курушту. Ал эки кыздын мындай «ѳнѳрлѳрү» бар экенин биринчи билип, айран-таң калдым. Алар муну мага: “Студенттик күндѳрдүн жыргалы”, — деп түшүндүрүштү. Бир жума ичинде мындай майрам 2-3 ирет кайталанды. Ошол күнү Марат: «Сагындым, унута албайт экенмин, кел бактыбыз үчүн күрѳшѳбүз», — деп мени окуу жайга издеп келиптир. Сейил бакта жетелешип ѳзүбүз тууралуу кенен кеп куруп, бактылуу жашоону кыялданып жыргап жүрдүк. Анан ал ата-энеме баарын түшүндүрүүгѳ чечкиндүү кадам жасады. Бирок байлыгына манчыркаган ата-энем Маратты мага кайткыс кылышты. Атам: «Жигит, кызым жокчулукка чыдабайт», — десе, апам: «Мен кызымды батирден батирге кѳчүп жүрсүн деп ѳстүргѳн эмесмин. Кызым ѳзүбүз теңдүү жерде бизге эркелегендей эркелеп жашоосу керек», — деп шагыбызды сындырышты. Ата-энем менен салкын коштошкон Марат мага карап да койбостон кетип калды. Мен болсо буркурап ыйлап курбуларымдыкына жѳнѳдүм. Ал жакта кезектеги майрам болуп жаткан экен. Алар кайгыруу менен кѳңүлүмдү жубатып, арак сунушту. “Ачууну ачуу басат”, — дешти. Мен алардын ар бир куйганын токтоосуз иче бердим. Ар бир стаканды бошоткон сайын ата-энемден ѳч алып жатам дедим.

«Окуудан куулуп, орунсуз жашоону тандадым»

         — Ошентип башталган майрам канчага уланды билбейм, качан гана апам мени издеп келгенде эсиме келдим. Кѳрсѳ, окуу жайдан менин сабакка келбей жатканымды, экзамендерди тапшыруум керектигин үйгѳ кабарлашыптыр. Мен биринчи ирет ичкен соң ооруп калып сабакка бара албай калгам. Анан жакшы болгонумда улам шылтоосу жок майрам чыга берип убакыттын кандай ѳткѳнүн билбей калыптырмын. Апамдын алдында баш кѳтѳрѳ албай шылкыйып отуруп Маратты эстедим. «Ал кантти экен, мени издеди бекен?» — деп ойлоп келип, бул абалымды кѳрсѳ ал эмне дейт дегенди ойлогондо алапайымды таппай кеттим. Апам мени урушуп да, жалынып да үйгѳ алып келди. Мен ѳзүмдүн эмне кылып койгонумду түшүнүп-түшүнбѳй, кимди күнѳөлѳрүмдү билбей бушайман тарттым. Анан Мараттын жатаканасына чалып бѳлмѳсүндѳ экенин билдим да, ага жѳнѳдүм. Марат мени салкын кабыл алды. Кайда эмне кылып жүргѳнүмѳ деле кызыкпады. Ѳзү мага арыктап ѳңүнѳн азып кектендей кѳрүндү. Мурда сѳзүбүз түгѳнбѳсѳ, азыр таптакыр кебибиз жалганбай кыйналдык. Бир далайда ал: «Экинчи жолукпай эле коёлу. Мен сага барчу жолду унуткам. Сен да мага келчү жолду унут», — деди. Ыйлаган бойдон баягы досторума жѳнѳдүм. Тар бѳлмѳдѳ шаңдуу майрам уланып жатыптыр. Алар кандайдыр бир жыргалды белгилеп бир стакан кагыштырышса, мен сүйүктүүмдѳн ажыроонун арманын кѳтѳрѳ албай эки стакан бошотуп жаттым. Менин билим жолун чанып орунсуз жашоону тандаган күнүм ушул болду.

«Аракечке айланганымды билбей калыптырмын»

 — Күтүүсүз башталган мындай майрамдар бир топко созулуп барып токточу. Мурда мени арак берип соороткон курбуларым эми: «Мека, сен чектен чыгып баратасың. Ѳзүңдү билбей калганча ичкениң жарабайт. Биздей болуп кичине эс-акылыңды башкарып отурсаң», — деп талап коюшчу болду. Чын эле мен ушундай абалга жетип калгам. Бир стакан ичерим менен арман, азаптардын арасында жашап жатам деп баштачумун. Анан анын баарынан кутулуунун жалгыз жолу – мастыкка жетүүгѳ ашыгып токтоосуз ичип кирчүмүн. Эсим эңгиреп, кулкундан куюлган ачуу анан  ысык суу бүт денемди аралай жүгүрүп мени магдыратчу. Бул укмуш сезим эле. Аракка жаңы берилип баштагандардын баары үчүн бул керемет сезилет. Денени дүргүтүп, башыңды магдыраткан бул сезимди ар бир ичкен сайын сезгиң келип издей бересиң. Бирок улам кийинки ичкениң сайын ал азайгандан азайып, сезилбей баштайт. А сен аны эңсейсиң, издейсиң, ичесиң, дагы ичесиң. Бирок таппайсың. Дал ошол таппай калган күндѳн баштап арактан кѳзү ачылбаган, бѳтѳлкѳдѳн башы чыкпаган аракечке айланышат. Мен да ушинтип аракеч болуп кеткенимди кеч билдим. Адам жакшы кишиден жинди маска ушинтип айланып кетерин дарылоодо жүрүп дарыгеримден уктум. Ал жѳнүндѳ да айтып берем…

«Аракка аңуулаган күндѳр башталды»

— Ошентип мен жанагы жыргалга жетүүнү каалап коюнума бѳтѳлкѳ катып келип иччү болдум. Баягы менден сабак сураган курбуларым мунумду жактырбай кѳп уруша баштадык. Алардын бири: «Мендей ѳгѳй кыз эмессиң. Ата-энең бар, эмне ичесиң», — деп зирпилдесе, бири: «Акылдуусуң, акчалуусуң, сулуусуң, абайлачы», — деп аянычтуу карайт. Менин экѳѳнѳ дайым даяр жообумду узатам: «Хм, мени кимиң түшүнүп коюптурсуң. Ата-энеңер сүйүүңѳ балта чаап, үмүтүңдү ѳчүрсѳ, жигитиң чечкиндүү болгондун ордуна куйругун түйүп качып кетсе кантип ичпейсиң. Мындай азапты кѳтѳрүү кандай кыйын экенин билип коюптурсуңарбы?» — деп ачуумду арак менен басып жатып калам. Кѳп ѳтпѳй эки курбум жанымдан жок болуп кетишти. Менден качып кетишти окшойт. Апам болсо качан болбосун мени үйгѳ алып барууга аракет кылды. Анын: «Абийирибизди тѳгүп, шерменде кылдың. Дос-туугандын бетин карай албай калдык. Кадыр-баркыбызды тыйынча кѳрүп койбодуң», — деп буркурап ыйлаганы куйкамды куюштуруп, жанынан кеткенче шашам. Кѳнгѳн дарек менен баягы курбуларым жашаган батирге бѳтѳлкѳнү сүйгѳн достор байма-бай катташчу. Баарынын арманы бар: ата-энеси ажырашып кеткен, апасы же бир тууганы айыкпас дартка чалдыккан,  атасы уурулук кылып досторуна уят кылып койгон… Ушул себептин баарын биз арак менен басабыз. Аракка деле акча дайыма табыла бербейт. Андайда эски досторго жѳнѳчүмүн. Алар мени эле күтүп тургансып жолугарыбыз менен акылдуу кептерин айтып башташчу. Мен болсо анын бирин уккум келбейт. Эптеп ага тамакка, кийимге же дагы башка бир зарыл нерсеге акча керек деп тыйын сурайм да, бергенин алып дүкѳнгѳ жѳнѳйм. Эски достор мага ушул үчүн эң керек эле. Бирок алар бат эле мени жандарына жолотпой калышты. Мен аракка акчаны башка жолдор менен таба баштадым.

«Ууруларды жалдап ѳз үйүмдү тоноттум»

— Эми уурулукка аралаша баштадым. Бирок чынын айтайын, мен кимдир бирѳѳнүн оокатын тартып алып же үйүнѳ уурданып ѳзүм кирген жокмун. Анын баарын жанымдагы жолдошторум кылышчу. Мен болсо алардын табылгасын сатып акчага алмаштырып аракка айландырчумун. Бир ирет кыштын суугунда акчанын табылышы кыйын болду. Жанымда эки эркек, эки аял болуп жалпы бешѳѳбүзбүз. Айлабыз түгѳнүп отурган маалда арабызга кошулганына аз эле болгон жаш бала: «Мээрим, ата-энем бай дебедиң беле. Үйүңѳ барып кичине бирдеме илип чыксаң боло», — деди. Токтоосуз «чын эле» деп ойлодум. Ырас эле биздин үйдѳгү кайсы оокат болбосун жакшы акча болмок. Ошол эле замат үйгѳ бет алдым. Үйдѳгүлѳр менин келишиме абдан кубанышты. Адаттарынча жалынып-жалбарып, алдап-соолап киришти. Колума бирдеме кармап жѳнѳп кетүүгѳ деги эле мүмкүндүк беришчүдѳй эмес. Аргасыз куру кол кайттым. Бирок тиги досторумду кубандырар башка бир жолун таптым. Үйдүн мага тийиштүү ачкычын машыккан ууруларга карматып, баары тынч уктап жаткан маалда кирип эмнелерди алып чыгуу керектигин табыштадым. Алар баарын мен айткандай кылышты. Бул табылга бизди бир далайга бакмак. Тилекке каршы, биз милициянын тинтүүсүндѳ колго түшүп калдык.

«Аракты кыйбасам да дарыланууга аргасыз болдум»

— Ата-энем милицияга арыз жазышыптыр. Алардын кадыр-баркы облустун милицияларын тынч уктатуусу мүмкүн эмес эле. Бизди колго түшүрүшкѳн соң ууруларды кѳрүүгѳ ата-энем, чоң атам келишиптир. Уурулардын арасынан мени кѳрүү алар үчүн айтып жеткиргис оор сокку болду. Мен болсо ал маалда кандай абалда болгонума азыр да акылым жетпейт. Уялган да, корккон да, ѳч алгандай кубанган да жокмун. Айтор, башымды жерге салып туруп бердим. Апам адатынча тынымсыз бирдемелерди айтып ыйлап жатты, атамдын милиция кызматкерлери менен сүйлѳшүп жатканын туюп аттым. Мен жакшы кѳргѳн, мени жакшы кѳргѳн чоң атам кандай абалда экенин билгим келгени менен башымды кѳтѳрүп карай албай койдум. Убактылуу кармоочу жайдан узайбай эле чоң атам жүрѳгү кармап жыгылыптыр. Эртеси таңда мени иним алып чыгып кетти. Анын керилген жигит болуп калганын ичимден ойлоп койдум да, үн-сѳзсүз жетеги менен бара бердим. Мени качып кетет дешти го, бир бѳлмѳгѳ камап салышты. Эки күндѳн кийин чоң атамдан айрылып калдык. Мен күйүтүмдү арак менен баскым келди. Бир стакан иче койсом эле чоң атам тирилчүдѳй болдум. Бирок мага таптакыр мүмкүнчүлүк бербей коюшту. Жакынымды жоготууданбы же аракты эңсѳѳдѳнбү ичим куйкаланып, катуу кыйналдым. Сѳѳк коюлуп эл суюлган соң мени бир жакка алып жѳнѳштү. Бул борбордогу аракечтерди, нашакорлорду айыктыруучу жеке менчик байтапкана экен. Башыбызда турган аска тообузду жоготуудан кийин менин бул жерден баш тартуум мүмкүн эмес эле. Ал жерде жарым жылча дарылап, мени айыккандардын катарына кошушту. Бирок жарым жыл сайын текшерүүдѳн ѳтүп, үй-бүлѳмдүн катуу кѳзѳмѳлүндѳ жашап келем. Азыр ѳткѳн жашоомду кѳп ойлоном. Баарынан чоң атамдан кѳп кечирим сурайм. Эх, менин кѳзүм ачылуусу үчүн сѳзсүз эле сенин ѳлүмүң керек беле, чоң ата. Азыр мен жалаң ѳкүнүчтѳ жана коркунучта жашайм. Ѳкүнгѳнүмдү билип тургандырсыз, а коркконум эмне билесизби? Арак. Кайрадан ичип кетпесем экен деп ѳзүмдѳн-ѳзүм корком. Дагы бир жакынымды жоготуп албасам экен деп корком. Менин жашоом туман…

http://www.lady.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here