Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тартылган видеолорду уруксатсыз интернетке жайгаштырууга тыюу салынат. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын төрагасынын орун басары Ыманалы Саркулов билдирди. Анын айтымында, өлкө мыйзамдарына ылайык жарандын уруксаты жок ал катышкан тасманы коомчулукка жарыялоого тыюу салынат.

“Мыйзамдар жалпы жарандар сыяктуу эле кызматкарлерге да тиешелүү. Тасмаларды уруксат жок жарыялоого тыюу салынат. Биз бул укуктан пайдаланып, сотко кайрылышыбыз мүмкүн”, — деди Саркулов.

Былтыр декабрда Сапар Исаков Safari кыймылынын активисттеринин тасмасын сынга алган. Анда активисттер жол коопсуздук кызматкери менен жол эрежеси боюнча талашып жаткан көрсөтүлгөн эле. Мындан соң дал ушундай тасмаларды тартууга тыюу салынганы боюнча маалымат тараган. Өкмөт мындай маалыматты четке кагып келген

Булак: Азаттык

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here