“Мегаком” деген бренд менен таанымал “Альфа Телеком” компаниясын сатып алууга «АКА минералз энд майнинг» компаниясы сунуш бергенин   “Азаттык” радиосуна Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун директору Ренат Түлөбердиев кабарлаганы маалым болду. аталган компаниядан келген сунуш учурда карала баштаптыр.  Бирок баасы менен шарттары азырынча талкуулана элек экен. Кыргызстанда катталган  «АКА минералз энд майнинг»  кытайлык «Huawei Technologies» компаниясы менен бирге “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашырууга белсинип турат.

 

Өкмөт «Альфа Телекомду» алгач 2015-жылы 20 млрд. сомдон ашууна акчага сатыкка чыгарган. Андан бери үч жолу сынак жарыяланып, сатылган эмес. Аталган компаниянын баасы улам арзандап олутруп, учурда 13 миллиард 500 миллион сомго чейин арзандап кеткен. Коомчулук бул компанияны сатууга караманча каршы болуп келет

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here