Алар кызды батирге чакырып алышып,  экөөлөп, оюна келгендей зордукташып, телефонго тасмага тартышып, «ким-бирөөгө айтсаң өлтүрүп коёбуз» деп коркутушкан. Эки жигит ал учурда мас абалда болгондугу айтылат. Зордуктоо чектен ашып, жанына баткан кыз кордукка чыдабай балкондон секирип кеткен. Көп жаракат алып, бактыга жараша аман калган кыздын аты Саина. 26 жашта. Ал бир жыл мурун Шокан Абылкасымов менен таанышып, экөө бара -бара жарандык никеде жашап калышканын казак ЖМКларына айтып берген. Негизи бул окуя ЖМКда көп жазылып, көп талкууга алынган.

Шокан Саина менен таанышкандан баштап, аны иштетпей, бардык муктаждыктары менен камсыздап келген. Ал эми зордуктоого кабылган күнү досу экөө тең кызуу болгон. Окуя болгондон бир нече убакыт тан кийин зордуктоого шектелип, Шокандын досу Мурат Идирисов кармалган. Шокан болсо ушул күнгө чейин качып жүрөт.

Астананын райондук сотторунун бири  бүгүн Идирисовду 10 жылга эркинен ажыратып, Саинага моралдык чыгым катары 1 млн. тенге төлөп бергенге милдеттендирген. Кыз соттун мындай өкүмүнө ыраазы экенин айтып качып жүргөн Шокандын кармалуусун талап кылган.

Урмат Кабылбеков

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here