Кыргыз эстрадасына жаңылык киргизебиз деген бир шумпайлар чыгып, элдин кыжырына тийчү болду. Алар ырдайт деген ушул деп эркек эркектей болбой, кыз кыздай болбой, уят-сыйыт, абийир деген баалуулуктардын баарын жыйыштырып салып, саксаңдап, далактап ырдап, ансыз деле акыл-эси, ыйманы азыраак айрым жаштарга жаман үлгү көрсөтүп жатышат. Былтыр үч  кыз  көк мээ деген сөзгө окшошураак «Наскмээ» деген топ түзүп алышып, «Албарсты жатканда мени басты үстүмө чыгып, анан мен аны бастым» — деп ырдап чыгып, коомчулуктунк атуу сынына кабылып, көп өтпөй дайындары чыкпай калган. Анан ошол былтыркы жылы кеч күздөбү, айтор, бир топ жылдан бери комуз менен сонун ырдап келген Кайрат Салмакеев деген ырчы саксаңдап чыгып, бүтүндөй элдин жакасын карматып, далайын чоочутуп койгон. Бирок ал да катуу сынга кабылганына карабай, эркектик намысын ойгото албады. Ага кыязы ошол саксаңдаган албарсты өңдөнгөн образы жаккан окшобойбу. Эми Кайратың мурунку кейпине келип оңолбой эле, өзүнө окшогон «Наскмээнин» кыздарын таап, элдин кыжырына тийген «Албарсты мени басты» деген ырды бирге аткарып чыгыптыр. Бул эмне деген шумдук! Маңкурттуктун белгисиби?! Адам болгон соң, мусулман болгон соң, эркек болгон соң, арыдан бери эле болушса… Ошол шайтан албарстыларды даңазалагандар аман эле болсун…

Автор: Урмат Кабылбеков

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here