Чагылган: Белгилүү болгондой буга чейин бир шектүү жаран кармалган болчу. “Ата Мекен” партиясынын депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча дагы бир шектүү киши Москва шаарынан кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Шектүү. А.А. 35 жаштагы Токмок шаарынын тургуну жана буга чейин да каракчылык, талап-тоноо, киши өлтүрүү менен соттолгон адам болгон.

Аны  кармоого Орусиянын Ички иштер министрлиги да көмөк көрсөткөн. Учурда аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси чечилүүдө. Эске салсак, Улан Саляновду 6-ноябрда Көк-Жар конушундагы үйүнөн атып кетишкен. Муну «Ата-Мекен» партиясы  эжеси Аида Салянова саясый кысым катары баалап чыгышкан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here