Чагылган  — Кичинекей кагаз баштыкчага салынып, сатылган чайларды иликтешкен атайы адистер адам ден-соолугуна тийгизген зыяны өтө чоң деген жыйынтыкка келишкенин  anews.com  жазып чыкты. Биринчиден баштыктагы чайдын курамына көп өлчөмдө хлор кошулат. Себеби, баштыкчадагы чайлар чай жалбырагынын эскирип, сапатын жоготуп, чирип бараткандарынан жасалары аныкталган. Андан тышкары, өсүмдүктөргө даарылоого кошулган дагы бир уулуу, химиялык зат кошулары да айтылат. Адистер баштыкчадагы чайга кошулган бул кошулмалардын  баары адамдын организмине терс таасирин зыянын тийгизип, бара-бара  рак оорусуна чалдыгууга түрткү берерин, ошондой эле аялдарды тукумсуздукка алып келерин белгилешкен.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here