Жаңы жылдын алдында Ош шаарындагы Ак-Тилек кичи районундагы ишкердин турак үйү белгисиз адамдар тарабынан тонолуп, ири суммадагы акча уурдалган ы маалымдалган. ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 18-январда тараткан маалымат боюнча, окуя 2017-жылдын 29-декабрында саат 22:30 чамасында болгон.

Маалыматта айтылгандай, куралчан кол салгандар бет кап кийип алып, 32 жаштагы кожоюнду бычак жана тапанча менен коркутуп, акча талап кылышкан. Үйдө ишкердин жубайы жана 2 жаш баласы бар болчу.

«Кол салгандар үйдөн сейфти таап алып кетишкен. Анын ичинде ири суммада акча — болжол менен 10 миң доллар (КР Улуттук банкынын учурдагы курсу боюнча 693 миң 877 сом), 560 миң рубль (КР Улуттук банкынын учурдагы курсу боюнча 689 миң 80 сом), 14 млн сом (жалпы 15 млн 382,9 миң сом) жана ар кандай документтер болгон», — деп айтылат билдирүүдө.

Карактаган адамдар үй ээсинин «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү унаасын айдап кетишкен. Окуядан кийин үйдүн тургундары аймактык ооруканага кайрылып, медициналык жардам алышты.

Бул факты Ош ШИИБде каттоого алынып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (талап-тоноо) менен кылмыш иши козголгон. Тажрыйбалуу кызматкерлер тергөө иштерин жүргүзүп, анын алгачкы жыйынтыктары менен уурдалган унаа Ош шаарынын Моминов көчөсүнөн табылды. Ошондой эле, ИИМ менен Ош ШИИБдин кызматкерлери шектүүлөрдү аныктап, бир нече күн бою борбордо жана өлкөнүн аймактарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн колго түшүрүүгө багытталган операциялар улантылган. Анын жыйынтыгында 2018-жылдын 16-январында 3 шектүү — Ош облусунун 1992-1993-жылдары туулган жашоочулары кармалды. Алардын экөө жашаган жерден далил буюм катары 4 млн 700 миң сомдун тегерегиндеги акча каражаты да табылган.

Учурда бул каракчылыкка катышкан 3 адамды кармоо аракеттери улантылып жатат. Колго түшүрүлгөн шектүүлөр камакка алынган.


http://www.turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here