Ыймандуу мезгилдин чет-бучкагын көрүп калбадыкпы. Ошондо адамдардын тазалыгын айт, бөтөнчө милийсалардын тазалыгын айт! Алардын баары тегиз адам болуп, сенин катарыңда эле, сенин жаныңда эле турчу, сыйы менен, аброю менен, эч кандай оройлугу жок, эч кандай шылуундугу жок, эч кандай жулунгандыгы жок… эч кандай айбандыгы жок адам сапатында болчу! Кайран кез кетип тынды. Же кетирип тындыкпы?!

Азыркы кездин адамдарынын сүрөтүн тартсаң, анча жакшы эмес. Бул жумшак айтылган кеп. Ал эми өзүбүздү өзүбүз аябай сүрөттөп берсек, анда коркунучтуу бир жаныбардын элеси келип жүрөктү түшүрөт, өзүбүздөн өзүбүз коркуп ит болуп жатабыз. Бүгүнкү күндүн адамы момундай болуп алдыңда турганын кара: көзү ойноктоп, ар тарабын сыдыра карап, колума эмне илинер экен деп күтүп, илингенин жымырып, бирөөнүн ийгилиги өзүнө катуу сокку болуп, ошол адам өлүп кетсе экен деп тилеп, бирөөнүн башына мүшкүл түшсө, «деле сооп болду» деп, ага кубанып, чоңду көрсө ырсалаңдап калп күлүп, шыйпактап, ага жанын берүүгө даяр экенин ачык эле билдирип, жыргал тарапта мен гана болоюн, менин балдарым гана болсун дегенден арбын тилеп, элдин тагдыры, өлкөнүн тагдыры жөнүндө түйшөлүү оюнда жок, маданияттуу болуш керек дегенди укканда шылдыңдай күлүп, «маданиятың байлык болуп береби, шоркелдей» деп шылдыңдап… ооба, коркунучтуу көрүнүш! Мындай абалда милийсаң оң болмок беле?!. Алар да элдин арасынан чыккандар. Туура, милийсанын арасында адамдыгы арткан, билими терең, өз ишинин профессионалдары бар. Наалатыныкы, андайлар бүгүнкү күндө аз болуп жатпайбы, аябагандай эле аз болуп жатпайбы!

Азырынча адамдын кандай экендигин даана тактаган аппарат жок, калп менен чындыкты текшерген аппарат адамдын жакшы- жаманын ажырата албайт. Ошондуктан милийсага кабыл алынган адамдын кандай адам экендиги аныкталбай эле боюна, ден соолугуна, билимине карата гана баа берилет, ошого жараша кызматка алынат, мээси ченелбейт! Анан эмесе көрүп ал, адыраңмай, кара мүртөз, жакшылыгы жок, мактанчаак, акчаны жанындай көргөн, оңой оокаттын кулу болгон немелер милийсага кирип алат. Анан ал жумуштун м ү м к ү н ч ү л ү к т ө р ү н айбандык менен пайдаланат: бечараларды тонойт, коркутуп акча алат, күбөлүгүн көтөрүп чаап бекер тамак ичет, бирөөнүн чөнтөгүнө баңгизат салып толгон акча өндүрөт, жасабаган кылмышты мойнуна алдырат… Сөз кыскасы айбанчылык иштерди арбын жасайт. Ошондо ал жаман атка калат да. Милийсадагы жакшы адамдар тигил айбандардын айынан жаман сынга кабылат, жаман аттуу болот.

Ошол милийсага кокус кирип алган немелерде билим дегенден эч нерсе жок, китеп окубайт, гезит окубайт, театрга барбайт, жакшы кинолорду көрбөйт, какшап аткан «Манасты» барактап көргөн эмес, «Каныбек», «Биздин замандын кишилери», «Сынган кылыч», «Гүлсарат», «Агындылар» сыяктуу кыргыз жазуучуларынын жүздөгөн мыкты китептерин окумак турсун, алардын бар экенинен түшүнүгү жок, «маданият» деген маанинин өзүн билбейт, кылмышкерди баса калгандын ордуна акчаны баса калганды мыкты өздөштүргөн, бир нерсе өндүрүү үчүн жалаң гана жаманчылык издеп турат. Кызыгың кур, кылмышты ачуунун, кылмышкерди кармоонун бир жолун билбейт да, акча өндүрүүнүн миң сан жолун билген милийсалар толуп кетти! Анан алар биздин укукту кантип коргоду?! Айласыз айтмай болдум, биртоптору билсе керек: Бир кишинин уулунун башына операция жасашат. Анысы ийгиликтүү бүтөт, бирик, иттики, баланын мээсин кайра салганды унутуп калышат. Ошондо анын атасы буркурап жиберет: «Э кокуй, эми мунум мээси жок кайда иштейт?!» деп. Анда хирург айтат дейт: «Аксакал, эч кабатыр болбо, милийсага киргизип койсоңуз мээсиз эле иштей берет». Бул анекдот бекеринен чыккан бекен?!

Дагы эле болсо, кайран мезгил, илгерки турмуш эске келет. Ошондо ончакты айылга бир эле милийса жетип берчү. Ар түрдүү кылмышты ошол эле ачып, ошол эле баарын орду- ордуна койчу. Анда абийир деген болчу да… Эмкиси курусун, кылмыш деген географиялык прогресс менен өстү, милийса саны кошо өстү, кылмышты ачуу өскөн жок! Жабыр тарткан тарап милийсага айла жоктон гана кайрылат. Ошол кылмыштын артынан дароо изилдеп, иликтеп жиберчү милийсалар аз. Кылмыш ишин ачмагы тозоктун өзү, акелеп жатып, акча берип жатып араң ачтырасың. Буга кандай баа берүүгө болот?! Албетте муну наадандык деп коюш керек!

Милийсанын бир катарынын наамы менен ээлеген кызматы чоңойгон сайын жаман кылыктары кала баштайт, «кыздын баласындай» болбосо да дурус созулуп берет. Анткени, аларга берки «чилиштер» апкелип берет, өздөрү мыйзам бузуп, булганбай калган…

Жол коопсуздугу тарап эч качан оңолбойт, ала жүргөн парасын ала берет. Муну турмуш аябай сонун тастыктап берди.

Ооба, бир катар милийсалардын турмушу начар: үстүндө үйү жок, батирлерде жашап тапканынын жарымы ошого кетет. Анан катын- баланы багуу түйшүгү бар дегендей. Мамлекетибиздин мүмкүнчүлүгү болсо, милийсанын айлыгын, бери дегенде эки эсеге көбөйтүү керек. Укук коргоо органдарынын ичинен бүтүндөй оор жумушту аткарган да ушул милийса. Ал эми прокуратура менен сот жана башка кызматтар көп түйшүк тартпай эле алчусун алып турушат. Эми муну элдин баары билет, билген менен айла жок, токтотууга болбойт. Токтотчуларын өздөрү коррупциянын сазында жатпайбы… Дагы айтам, милийсанын айлыгын көбөйтүп, үй- жайлуу кылуу өкмөттүн бирден бир кечиктирилгис милдети болуш керек. Аларды социалдык жактан коргоп алсак, анан жакшы ишти талап кылсак жарашып берет. Эй, бийликтегилер, миллиондогон сомду айтылуу коррупционерлер жеп алып эле айып пул төлөгөн болуп кутулуп жатпайбы… Ошолорго жедирбей милийсага бербейсиңерби. Көңүлдөнүп издесе резервден бир нерсе табылбай койбойт!

Дагы бир маселе. Азыр салпетек катынга чейин эле милийсаны беттен алып жатат, түз эле погонун жулуп алат, шапкесин башынан алып ыргытат, көпкөн балдар милийсаны машинасы менен коюп кетип жатат, кол салат, тилдейт. Иши кылып милийсаны коргоо керек болуп турган кез. Сөз кыскасы милийсаны ар тараптан коргогондой мыйзам чыгышы керек…

Туура эмей, милийсанын иши аябагандай оор, коркунучтуу да. Алар болбосо бири-бирибизди жеп койчу учур келди! Андыктан милийса турумушундагы «а жетпейт, бу жетпейт» деген кеп айтылбай тургандай кылып,  алардын турмушун кескин жакшыртуу керек. Анан каалаганыбызча ишин сурап албайбызбы…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here