Кыргыздын белгилүү манасчысы Саякбай Каралаевдин өмүр баянын чагылдырган “Саякбай” тасмасы киносүйүүчүлөрүнө тартууланып, кинофестивалдарга да катышууга жетишти. Аталган тасма 4 номинация боюнча 14-февралда Лондондо өтүчүү»London IFF-2018″  кинофестивалында “Мыкты режиссура”, “Мыкты фильм”, “Мыкты сценарий” жана «Мыкты чач жасалга грим жана келбет» сыйлыгына көрсөтүлгөн. Буюрса тасманын командасы учурда Лондонго камылга көрүшүүдө. Тасманын актёрлорун гримдеп, мыкты образ жараткан Айгүл Кыдыралиева менен кесиби туурасында кенен баарлаштык.

 “Замира Молдошеванын визажисттик курсун аяктагам ”

—Бала кезимен 3 уктасам да гример болом деген түшүмө кирген эмес. Табигатыман боёнгонду жактырбайм, бирок бирөөнү боёп, образ жаратканды сүйөм. Чоңойгондо башка өлкөдөн окусам деп кыялданып, келечегимди башка мамлекеттен көрчүмүн. Өзүмдүн кесибим боюнча менеджермин. Туризм академиясын бүткөм. Бирок, 17 жашымда  эле Замира Молдошева эжекебиздин визажисттик курсунан окуп, КТРКда иштеп калгам. Ассоль Молдокматованын “Браво”,” Хит Парад” сыяктуу телекөрсөтүүлөрүндөгү алып баруучуларга грим койчумун. Кийин ал жактан чыгып билимимди улантуу үчүн башка өлкөгө учуп кеткем. Турция, Швейцарияга билим алуу үчүн жөнөп кетип, ал жактан экзаменден өтпөй калып кайра Кыргызстанга келе бергем. Бирок, азыр эч кандай өкүнбөйм. Орустарда “Все что не делается, все к лучшему” деген сөзү бар эмеспи. Ал жакта билим ала албай калганым менен бул жактан ийгиликтерге жетише алдым десем болот. Өзүм жакшылап ойлонуп, кинодо иштейм деп сөз бергем. 5 жылдан бери кинодо иштеп жатам.

 

“Алгач Ассоль Молдакматованын “Сказка” аттуу тасмасында актёрлорду боёгом”

—17 жашымда Ассоль Молдакматова эженин “Сказка” аттуу тасмасындагы актёрлорду боёгом. Ал кинону КТРКдан эле көрсөткөн.

 “Гримде бат-бат өзгөрүүлөр болуп турат”

—Биздин кесиптин өзгөчөлүгү заман талабына, тартылган тасманын сценарийине жана ошол убактагы модага байланыштуу болот десем болот. Себеби, 80-90-жылдардагы тасмаларды тартып жаткан учурда, азыркыдай боёп, образ жаратып койсоң таптакыр коошпой калат. Ошондуктан, тасманын жанрына, кайсыл убакты чагылдыра тургандыгына жараша гримдегенинде. Анын үстүнө замандын талабына ылайык гримди улам башкача жасап, башка материалдарды колдонуп жасап жатабыз. Башка гримерлерден артта калбаш үчүн такай маалымат алып, үйрөнүүнүн гана үстүндө жүрөбүз. Гримден билимимди тереңдетүү үчүн ушул жылы чет мамлекетке барып окуп келем деген планым бар.

“Саякбай” тасмасы тууралуу…”

 —“Саякбай” тасмасы көрүүчүлөргө тартуулана баштаганы аз убакыт болсо да, фестивалдарга катышып, жакында Лондондо өтүүүчү сыйлык тапшыруу аземине жөнөп жатабыз. Номинациянын арасында “Мыкты грим” деген да бар экен. Ал жакка 14-февралдан мурдараак кетебиз деп айтышты. Учурда Лондонго ким барып, ким барбай тургандыгы чечиле элек. Бирок, виза берсе мен деле барам. “Саякбай” тасмасына чейин абдан эле көп кинодогу актёрлорду боёдум. Казак фильмден “Адалиты” деген сериалда, “Саякбай”, “План Б”, “Ата”, “Көпөлөк”, учурда кинотеатрларда жүрүп жаткан “Айыл Кэмп”, Болливуддан келген артисттер бул жактан клиптерди тартып жүрүшөт, алар менен иштешип жүрөм. Негизи образ жаратууда өтө деле кыйналбайм. Бирок, “Саякбай” тасмасында башкы каарманды боёо бир аз кыйын болду. Саякбайдын образын жаратуу үчүн күнүгө 45 мүнөт убактым кетип жатты. Чыңгыз Айтматовдун образын жаратууда да бир аз оор болду.

 “Колдонуучу каражаттар…”

—Гримдин атайын каражаты болот. Бизде сатпайт, Казакстандан буюртма менен алып келем. Баасы да өтө кымбат. Бирок, ар ким өз ишин сүйүп иштесе, каражатты кайдан табасың, анын оорчулугу, кымбат же арзаны көп деле мааниге ээ эмес. Эң маанилүүсү сен кылган ишиңдин натыйжа бергенинде.

“Аватар” тасмасынын грими абдан жагат”

— “Аватар”, “Пираты Карибского моря” тасмаларынын грими абдан жагат. Тарыхый жана боевик жанрындагы тасмаларга грим койгум келет. “Саякбай” тасмасы да тарыхый инсан тууралуу тасма болгондуктан, рахаттанып жасадым. Тасма ар кандай аба ырайында тартыла берет эмеспи, шамал, жамгыр, кар ж.б. Ал учурда гримдеген адиске оор болот. Биздин иштин оорчулугу мына ушунда. Андай учурларда ар бир актёрдун аркасынан жүрүп оңдойбуз.

“Ар бир образды жаратууда режиссёр менен кеңешем”

—Ар бир тасмада биздин иш режиссёр менен тыгыз байланышта болгондуктан, режиссёрдон кеңеш сурап жасайбыз. Сценарийди колго алгандан тартып, ар бир образдын үстүнөн терең ойлонуп, башка тасмаларды карап чыгам. Азыр көп учурда интернет жардамга келет. Бир жерин билбей жатканда интернетти карай коём, кээ бирде режиссёрлорго өзүмдүн идеямды айтсам жактырышат, ошого карап, актёрдун образын жасайбыз. Айбек Дайырбеков, Эрнест Абдыжапаров, Марат Сарулу, Сүйүн Откеев, Бакыт Осмонканов сыяктуу өз ишинин устаттары менен иштештим.

“Киного караганда клип жана спектаклди гримдеген оңой”

—Клип, телекөрсөтүүнүкү жеңил болот. Спектаклдики да киного караганда жеңилирээк. Спектаклде свет болгон үчүн боёкторду кеңири колдонсоң болот. Ал эми кинодо камера абдан сезгич болгондуктан, кичинекей чекиттерден бери көрүнүп калат, ошондуктан кылдат эмгекти талап кылат.

“Гример менен визажисттин айырмасы”

—Гример — сүрөтчү болушу керек. Ал бетти гана карап койбостон актердун образын толук жаратат. Визажист  аялзатын сулуулайт.

Маектешкен Төлөбүбү КАСЫМАЛИЕВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here