2017-жылды айтам. Анткен менен бул жыл тынч өттү жана бир катар тарыхый окуялар менен коштолду. Алты жыл иштеп берген президент Атамбаев кетип, анын ордуна Сооронбай Жээнбеков шайланды. Шылуун эмес, популист эмес, коррупционер эмес, мүнөзү токтоо жан келди, эми иштешин күтөбүз… Акаев менен Бакиевден жалкып калган жаныбыз «деле талаада калсак да жакшы президент келсе экен» деген тилегибиз орундалдыбы же жокпу, жыл айланбай белгилүү боло баштайт… Алмазбек Атамбаев болсо колунан келишинче, дарамети жетишинче иштеп берди, жаманы болду, жакшысы болду. Ошонун катышында жакшы жагы бир аз басымдуу болду окшойт. Бүгүнкү күндө ага «баатыр» наамынын ыйгарылышы жөнүндө карама- каршы пикирлер айтылып жатат, бири туура дейт, экинчилери жөн эле берилди дейт. Эми болору болгондон кийин ал маселени жөн коюп, баатырдыктын, дегеле наамдардын баркы кетип баратканын терең анализдеп алуу, ага жараша тийешелүү чечим чыгарып алуу керек болуп турат… Эми бул башка маселе…

Ошентип, жаңы президент- түү болдук, спикер менен премьерибиз да жаңы муундун өкүлдөрүнөн болду. Эми ушул үч бийлик бутагынын лидерлери «бир жакадан башты чыгарып…» иштеши турмуш талабы. Үчөөнүн милдеттери менен укуктарын ажыраткан мыйзам бар, ал мыйзамда кээ бир так эместиктер бар. Ал мыйзамды кайрадан карап оңдоп чыкканча азыркы мыйзамды так сактап иштеши керек. Жээнбеков, Жумабеков, Исаков үчөө Крыловдун айтылуу тамсилиндегидей болбой, бир дем менен иштеши керек. Мамлекетибиздин иши ошондо оңолот.

Адамзат турмушунда мамле- кеттүүлүк пайда болгондон баштап ар кандай түзүлүштөгү мамлекеттер жашап келген эмеспи. Мейли диктатура болсун, мейли, капитализм болсун, мейли социализм болсун… алардын мамлекет катары өнүгүү жолу бар. Эгерде ошол мамлекеттердин башындагылар ынтымактуу болсо, анда мамлекети да өнүгүү жолунан тайган эмес… Азыркы кезде мамлекеттин жакшы өнүгүшү үчүн, эл массасынын жакшы жашашы үчүн ошол мамлекет жетекчилигинин таза иштеши талап кылынат. Тигине, Швеция, Швейцария, Норвегия, Дания, Голландия, Япония, АКШ, Франция, Сингапур, Малайзия, Канада сыяктуу мамлекеттер кандай гана сонун өнүгүп, жарандары бейиштегидей жашайт. Анткени, анын жетекчилиги коррупциялык жолдордон алыс. Андай иштин кенедей эле чети билинсе балээге калат. Эсибизде, мындан төрт- беш жыл мурун Германиянын бир министри кызмат машинасы менен отпуска учурунда эс алууга барган экен. Анан анысы билинип, чоң чуу чыгып, министр мырза дароо отставкага кеткен. А бизде болсо, министрдин машинасын шоопуру деле минет, министрдин катын- баласы деле минет… Бразилия, Аргентина, Перу, Гаити, Колумбия, Венесуэла, Египет, Ливия, Пакистан, Иран, Ирак сыяктуу мамлекеттерде абал жакшы эмес, анткени алардын мурунку- кийинки президенттери коррупциялык ишке аралашкан.

Кыргызстаныбызда абал кандай? Кандай болмок эле, «кыпкыргызча» эле кетип баратат. «Кыпкыргызча» дегеним ошол- керектүү мыйзамдардын баары бар, бирок, алардын көбү карапайым адамдарга жардам бере иштебейт. Биздин мыйзамдар кызматтын, тааныштыктын, тууганчылыктын, байлыктын… кээсинде айбандык менен наадандыктын куралы болуп кызмат өтөйт. Эң кызыгы: мыйзам чыгаруучу жерде коррупционерлер толуп алган! Анан башкасын айтып нетесиң?! Баса, «Парламент жазда тарайт экен» деген жакшы кабар кетти. Кудай берсе экен, аларды таратып… Анткен менен дымагыбыз күчтүү: бизде дүйнөдө жок «Манас» дегенибиз бар деп туруп, ошонун айланасында баатырдыгыбызды тынымсыз айтып турсак, башка элдер таңкалып жатат болуш керек, «кебетеси бул, айтканы тигил» деген мааниде… Илгерки баатырдыгыбызга манчыркабай азыркысынан берсин дегенге басым жасашыбыз керек эмеспи… «Баланча деген баатырыбыз болуптур» деп уруунун баары эле «менчик баатыр» жаратып калды…

Ооба, мындай караганда биздин чакан мамлекет оор, жеңил маселелери менен, жакшы, жаман иштери менен, «Датка-Кемин» электр чордону менен… жакшылык издеп акырындап алдыга жылып бараткандай, ага жетишке аз-аз калгандай да көрүнөт. Бирок, бу көрүнүш илгери үмүттүн туундусу. Үмүт деген нерсенин көбү реалдуулуктан алда- канча алыс болчу табияты бар. Ошентип, мамлекетибиздин баскан жолуна үмүттү эске албай, жалаң гана реалдуулук менен көз чаптырсак, анда келечегибиз анча жакшы эмес. Келечекти бүдөмүк кылып, а турсун жаман кылып турган себептердин бири бул- коррупциялык иштер. Коррупция баскан жолубуздун, жашоо-турмушубуздун бир бөлүгүн түзүп калганына көп болду. «Ага каршы күрөш ачабыз, ачканда да аёосуз ачабыз, пачак-сачагын чыгарып жиберебиз» деп жетекчилерибиз жулунуп берсе, ишенбеске арга жок, ишенип беребиз. Бирок, коррупция деген күчөгөндөн күчөйт! Ошол бакылдаган жетекчилер коррупционерлердин алдыңкы сабында. Бул деген трагедия! Жок, коррупцияны чогулуштар менен, токтомдор менен, убадалар менен, коркутуулар менен, мыйзамдар менен, «согуш» ачуулар менен… токтото албайбыз. Аны бир токтотсо, пейил токтотот! Пейил оңолбосо, дегеле эч нерсе оң болбойт!

Адамдын пейили жөнүндө ой чубай турган болсок, күнү- түнү айтылар, анда да аягына чыга албай нары уланар, ток этер жерин таппай, томсоруп турарбыз. Анткени, «пейил» дегендин өзү адамды адам кылган, жаман менен жакшыны ажыратып турган, адамдык менен наадандыктын ортосунда чек болуп турган нерсе. «Анын пейили жакшы» дейбиз. Бул сыпаттамага эгедер болгон адамга бар жакшылыктын баары «тыгылышып үйүлүп» алган да. Ал адам- ак көңүл, боорукер, берешен, ак дил, түз сүйлөгөн, бой көтөрбөгөн, бечараларга жардамдашкан, өзүнө албай, өңгөгө берген… адам эмеспи. Ал эми «пейили бузук» адам «пейили жакшынын» тескериси го…

Ошентип ал эки адамдын мүнөзү карама-каршы полюста. Манас менен Коңурбай, Кошой менен Жолой, Күлчоро менен Канчаро, Каныкей менен Чачыкей, Эр Төштүк менен Жезкемпир, Курманбек менен Тейитбек, Каныбек менен Айдарбек датка, Абил бий менен Бекназар, Жантай менен Болот, Орозкул менен Момун чал… болуп көркөм чыгармаларда айтылып бизге таалим болуп келген, ал сапаты эми деле күчүндө. Азыр ушул эки «сорттогу» адамдардын так ажыратчу чеги жок. Заман бузулуу жагына өзгөргөндөн кийин жакшы менен жамандын так кесе бөлчү чеги билинбейт. Анткени, кечээки жаман сапат, бүгүн жакшы болуп алган же тескерисинче… Жанагы Коңурбайдай, Жолойдой, Канчородой, Чачыкейдей, Жез кемпирдей, Тейитбектей, Айдарбек даткадай, Абил бийдей,Жантайдай, Орозкулдай … адабияттын тили менен алганда элге жаман көрүнгөн «терс кармандар» толтура. Айталы, Акаев. Жумагулов, Кулов, Баекова, Шеримкулов, Жумалиев, Бакиев, Сыдыков, Рустанбеков, Түлеев, Келдибеков, Нарынбаев, Сабиров, Бекназаров, Талгарбеков, Сулайманов, Пирматов… сыяктуу адамдар. Булар эл-жерин саткан чыккынчы эмес, бирок, элинин тапкан-ташынганын жепалган немелер… Ал эми «оң каарман» дечүлөрдү таба албайм, кудай өзү кечирсин! Элге аты-жөнү белгилүү болуп, аңыз болуп калган адамдардан «оң каармандын» табылышы азаптын азабы го бир! Эл арасында төгөрөгү төп келген адамдар жок эмес, бирок, андайлар жыл өткөн сайын азайып барат… Анткени, байлык жана бийлик деген желмогуздар адам баласына тийешелүү бардык жаман сапаттарды алып келип жатат! Жакшы тадамдар карапайым элдин арасында бар. Бирок, аларды көпчүлүк билбейт, алардан таасирлене албайт…

Бу заман ушул турган калыбында кетип бир жерден жок болор… андан кийинки замандан кудай берсин…

Автор: Баратбай Аракеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here