Адистердин айтымында, вирусту иштеп чыккан адамдар Италияда жайгашкан

Программа Android операциялык системасы менен жабдылган аппараттардан табылган. Аталган вирус WhatsApp тиркемесиндеги үндөрдү, каттарды көчүрүп алууга жөндөмдүү. Бул тууралуу РИА Новости «Касперский лабораториясынын» иликтөөсүнө таянып жазып чыкты.

Компаниянын маалыматына караганда, Skygofree вирусу ири уюлдук операторлордун атын жамынып, жасалма сайт ачуу менен интернеттин ылдамдыгын жогорулатуучу кызматтарды жүктөп алууну сунуштайт.Адистердин айтымында, бул программалык жабдык үндөрдү жазып, sms менен WhatsApp тиркемесиндеги каттарды, GPS маалыматтарын көчүрүп алууга жөндөмдүү. Мындан тышкары, вирус аппаратты өз алдынча Wi-Fi аркылуу интернетке туташтыра алат.

«Skygofree — Android платформасы үчүн жасалган эң күчтүү куралдардын бири болуп эсептелет», — деп аналитиктер белгилеген.

Изилдөөлөр Skygofree вирусунун жайылышы 2015-жылга туура келерин көрсөткөн. «Касперский лабораториясы» компаниясынын маалыматы боюнча бул вирусту кайрадан жайылтууну көздөгөн домен 2017-жылдын 31-октябрында каттоодон өткөн. Анын курмандыгы болуп бир гана Италиянын жарандары табылган. Адистер вирусту иштеп чыккан адамдар дагы Италияда экени айтылууда.

Булак:sputnik.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here