ИИМдин ишин жылдыра албай катуу сындарга кабылып жаткан Улан Исраилов жакын арада кызматтан кете турганы көптөн бери айтылып келет. Бирок ана кетет, мына кетет деген Улан мырза ишин улантып жатат. Бирок ал жерде көпкө олтурбайт, кете  турганы маалым эле деңизчи.  Болгону кайсы күнү экенин болгоолоп айтуу кыйын. Ошондой болсо да ал ортодо ИИМди башынан бери эле чүйлүктөр тейлеп келет дешип, Чүйдүн биртоп аттуу-баштуулары Жапаркулов Рыскулбек Эсенбековичти министр кылабыз деп күпүлдөп жүрүшөт дейт. Кыязы, аларды Жапаркулов өзү жалдап, түрткүлөгөн имиш. Рыскулбек мырза 1990-жылдардын башынан бери ИИМде иштеп келет. 2015-жылы бир нече ай министрдин орун басары болгон. Андан кийин өкмөттө бир бөлүмдө иштеп жүрөт окшобойбу. Бул инсандын тажрыйбасы бар болгону менен кур эмес, элге эмгеги менен таанылган эмес. Кыскасы, ИИМди реформалоо колунан келбес. Анын үстүнө аны Жээнбековдор жактырабы, жактырбайбы, бул да чоң суроо эмеспи.

Булак: багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here