—Талантбек Абдуллаевич, аз күн мурун сиз жетектеген министрликтин айрым жүргүзүп жаткан иш- аракеттерине каршылык билдиргендер бир топ ачуу сындарды айтып жатышат. Бул боюнча эмне айтасыз? Ушунчалык жаман иштеп жатасызбы? Же бирөөлөргө сиздин ордуңуз керек болуп, атайын уюштуруп жатышабы?

—Менин кандай иштеп жатканыма эл күбө. Эл айтсын. Мен болгону биз тараптан жасалып жаткан иштерди айтып берем. Ал иштерге да эл баасын берет да. Саламаттыкты сактоо тармагында жасалып жаткан иштер Эл аралык нормада көрсөтүлгөн талаптар менен шайкеш келип турса, демек аны жакшы дешибиз керек.

—Мисалы, кайсы көрсөткүчтөр боюнча?

—Маселен, эне менен баланын өлүмүнүн көрсөткүчү. Бул көрсөткүчтөрдү көп аракеттер менен колдон келишинче кыскарта алдык. Дагы да ушул маселенин үстүнөн тиешелүү иштер жүрүп жатат. Күн сайын эртең менен Кыргызстандагы ар бир райондогу энелердин төрөшү боюнча маалыматты вотсап аркылуу алып, жеке өзүм көзөмөлдөп турам. Көйгөй болсо дароо жардам кылып жатабыз. Эгер каржы маселесин тапсак, аймактардагы ак халатчандарды жакшы телефон менен камсыз кылып койсок жакшы болмок. Вотсап аркылуу баардык иш ыкчам болооруна көзүбүз жетип калбадыбы. Мындан тышкары, адамдын жашоо мөөнөтү. Бизде азыр орточо жаш аялдардыкы 66, эркектердики 69 жаш. Ал эми Япониядагы адамдардын орточо жашоо мөөнөтү 82, 84 жаш. Биздеги бул көрсөткүчтү көбөйтүшүбүз керек. Чынында бул маселе өлкөбүздүн экономикасына да түздөн-түз байланыштуу. Мен мындан ары Саламаттык сактоо министрлигин ооруларды дарылаган министрлик катары эмес, Ден соолук министрлиги катары иш жүргүзсө дейт элем. Себеби, сергек жашоо деген түшүнүктүү, ден-соолукту сактоону күчөтпөсөк болбой калды. Бул үчүн биринчи кезекте элди таза суу менен камсыз кылуу абзел. Таза суу болсо, жугуштуу оорулар жок болот. Дааратканалар таза болот. Таза суу талапка ылайык болсо, коом дагы таза болот. Мектептердин көбүндө дааратканаларда суу жок. Жөнөкөй гигиена сакталбаса, кайдан тазалык болот. Премьер –министрибиз да ушул маселени колдоп жатат. Буюрса, бул багытта алыгылыктуу иштер жасалат деп турабыз.

—Айтымыңызга караганда сиз жетектеген министрлик Эл аралык нормалар боюнча туура жолдо экен. Анда эмнеге сизге ушунча көп сын айтылып жатат. Же сиздин аракеттериңизди түшүнгүлөрү келбей жатабы?

—Айтылып жаткан сындар мындай. Бул сындар күтүлгөн сын. Мен мындан дагы көбүрөөк күттүм эле.

—Себеп?

—5-ноябрда менин бул кызматта иштеп жатканыма туура 3 жыл толду. 6-өкмөт башчы менен иштешип жатам. Бул көппү, азбы? Эгер мен 3 жыл бою бир өкмөт башы менен иштесем көп. Бирок 3 жылда 6 өкмөт менен иштесем, албетте, аз. Бул нерсе депутаттардын көбүнө көп көрүнөт. Бизде министрлер оңой менен узак мөөнөткө иштебесин, өзүң билесиң. Кайра бошоп, кайра бекий берсең, жасалып жаткан бир топ иштер аксап калат. Өзгөчө инвесторлорду качыра турган факторлордун бири. Өкмөт кетет экен деген шыбырт чыкса эле, инвесторлор кача баштайт экен. Анткени биздин экономикабыз күчтүү эмес. Көп иштерди, көп көйгөйлөрдү инвесторлор аркылуу чечпесек болбойт. Андыктан инвесторлорго биринчи кезекте жагымдуу атмосфера түзүлүшү абзел.

—Сиз министр болуп келгенде биринчи кезекте ооруканаларыбыздын жалпы абалы абдан начар, жетишпестигин айтып, ушул көйгөйдү чечүүгө билек түрө киришкенсиз. Андан бери инвесторлордун жардамы менен бир канча ооруканаларды курдуруп жатасыз. Бул боюнча кененирээк маалымат берсеңиз?

—Бизде бир долбоор башталганда анын тиешелүү иш-кагаздары чет мамлекеттердегидей бир кабинеттен бүтүп калбайт. Көрүнгөн жерге мурдуңду тыга берип чарчайсың. Айтор бюракратия бизде дале болсо күчтүү. Ар кандай бут тосуулар да болот. Ошого карабастан, биз акыркы жылдары бир канча чоң, эл аралык эрежелерге жооп бере турган, заманбап ооруканаларды курдуруп жатабыз. Бул иштерге мурунку президентибиз менен азыркы президентибиз түздөн-түз колдоо көрсөткөнүн айта кетели.

Бишкекте Фучик паркынын жанына кыргыз- түрк ооруканасы курулуп бүтүп жатат. Курулуш сапатына көзөмөл укмуш катуу болду. Буюрса жакында ачылат. Бул долбоорго 1,5 жыл жүгүрүп жүрүп, акыры 3 тараптуу кол койдурдук. Бул долбоорду ишке ашырууда көрүнбөгөн душмандар бизге көрбөгөндү көрсөтүштү. Сүйлөшө келсең баары сонун, баарын колдошот. Эртеси эле бир нерсени айтып, бир нерсени чукуп чыгышат.

Бул деген биздеги системанын да мүчүлүштүгү болду го дейм. Айтор, араң дегенде ишке ашыра алдык. Бул түрк элинин бизге берген белеги. Эбегейсиз акчага гранттык негизде салынды. Эчак эле салынышы керек эле. Бул оорукана союз кездеги система менен иштебейт, жаңы технологиялар менен жаңыча иш алып барат. Ооруган адам киргенде ал толук текшерилет. Оорусуна жараша тиешелүү бөлүмдө дарыланат. «А, бул жерде бул ооруну дарылабайт экен» деген түшүнүк жок болот. Адамдын оорусуна жараша тиешелүү адистер, тиешелүү жабдыктар менен баарын дарылай беришет. Кыскасы, адамдардын оорусуна жараша багыт алмаштырып кете берет.

Жада калса, палаталар да реанимация болуп өзгөрөт. Себеби, ал жерде баардык шарт бар. Баары электрондоштурулган система. Бул эми дүйнөлүк стандарт. Жалпы палаталардын (реанимация ж.б.) саны 150дөй. Андан башка Ошто Кытай гранты менен Орто Азиядагы эң чоң оорукана салынып жатат. Ушунчалык жакшы жол менен кетип жатат.

Ай сайын бир жолу барып өзүм көзөмөлдөп жатам. Бирок муну дагы баштоо бизге бир топ кыйынчылыктарды жаратты. Бул дагы Кытай элинин бизге берген эбегейсиз белеги. Мен ушул эки чоң оорукананы баса белгилеп айттым.

Мындан башка да мурунку президентибиздин колдоосу менен Кадамжайда, Чоң Алайда, Нарында, Сузакта ж.б. бир топ ооруканалар салынды. Дагы башка аймактарда, шаарларда бир топ ооруканалар салынууда. 2001-жылы Баткенде салынып баштап, токтоп жатып, өз кунун жеп койгон оорукана жаркырап бүтүп калды. 2016- жылы эле аймактарда заманбап 40 ФАП салынып, ишке берилди. 2008-жылы Германия Бишкекке гранттык төрөткана салып беришмек. Ошондон бери улам жылып, улам унутула берген. 27-сентябрда ошол төрөткананын курулушу башталды. Курулуш тендерден бештап бүт көзөмөл өздөрүндө. Кыскасы, ооруканаларды жакшыртуу маселеси толук болбосо да кыйла чечилип баратат. Муну биз толук чечишибиз керек.

Балдар үчүн оорукана дагы салынары айтылды эле…

—Туура. Балдар үчүн оорукана салынбаса болбойт да. Анткени, балдарыбыздын деле ооруканалары эскирип баратат. Анын үстүнө батпай, палаталардан тышкары жатып калган учурлар кездешет. Кудай буйруса, быйыл Бишкекте Совет-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги №3-оорукананын аймагына аянты 10 миң кв. метр турган балдар ооруканасы салына турган болду. Бул оорукананы Сауд Аравия мамлекети салып бере турган болду. Бүт келишимге кол коюлду. Дүйнөлүк стандартка жооп бере турган жабдыктары менен. Андан тышкары, кореялыктар менен жугуштуу оорулардын ооруканасын салуу боюнча сүйлөшүп жатабыз. Ал эми Кувейт мамлекети менен Орто Азиядагы эң чоң Нейрохирургия борборун салуу боюнча да сүйлөшүп жатабыз. Кудай буюрса, борбор шаарыбызга жана аймактарга жакшы ооруканалар салынат. Муз эрип, суулар ага баштады. Буга чейин деле салынса болмок. Бирок ар кандай шылтоолор айтылып келген. Мага деле көп тоскоолдук болгонун айттым. Мындан кийин да ар кандай сындар катуу айтылат. Муну мен билип эле турам. Анткени, мына- мына кетет деген Батыралиев дагы эле кетпей, көгөрүп, өзүм көздөгөн иштердин баарын болбосо да, акырындык менен бир тобун ишке ашырып жатам. Бул мени сындагандардын көбүнө жакпай жатат. Жакпаса эмне кылалы. Биз өзүбүздүн иштерди аткара беришибиз керек да.

Сиз билесиз. Буга чейин биз дары- дармек, медициналык эмеректер боюнча мыйзам долбоорун сунуштап, катуу сындарга кабылганбыз. Мына ошол мыйзамыбызды Кудай буюрса, парламенттен 3-окуудан өткөрүп алдык. Эми ага нормативдик актыларды жазылышы зарыл. Бул мыйзам көптөргө жакпайт. Айрыкча, дарыны ар кандай жолдор менен сатышып, миллиондорду таап жаткан ишкерлерге, айрым аткаминерлерге жакпайт.

Алар миллиондук кирешелерден бул мыйзамдын аркасынан айрылып калгысы келбейт да. Алар өздөрү чет мамлекетке барып жатышат. Ал жакта биздегидей жайнаган аптекалар жок экенин көрүп жатышат. Ошондой болсо да, жеке кызыкчылык менен жыргап келишти да. Ушул мыйзамдын айынан мени кыйыр түрдө канча деген коркутуулар да болду. Алар ойлошту да 100 млн. долларлык кирешеден айрылып калганча, 1000 долларга реформаторду жок кылуу оңой деп. Чынында бул мыйзамды парламентке сунуштап, депутаттардын кароосуна жеткизгенге чейин ушунчалык кыйынчылык, тоскоолдуктарга туш болдук. Алардын артында көрүнбөгөн күчтөр да бар. Канча деген тегерек стол өткөрдүк, рахмат бизди басма сөз кызматкерлери абдан колдошту.

Маектешкен Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here