Тишиӊ барда – таш чайна, тишиӊ жокто – аш кайда – дегендей, бүтүн тишти туура күтөө билүү керек. Учурда жапжаш туруп кийме тиш кийгендер, тиши түшүп калгандарды көрүп зээниӊ кейибей койбойт. Эмесе, тишти туура күтүү, кам көрүү туурасында жана тиш оорулардын болбосу үчүн эмне кылыш керек экендиги туурасында маалымат бермекчибиз.

Кариес

Тиш ооруларынын ичинен эң көп таралганы — бул тиштин кариеси. Алгач тиштин эмалы жумшарып, тиштин үстү чирий баштайт. Тиште кариес башталганда ысык, муздак тийгенде жана щётка менен жууп жатканда оорутуу пайда болот. Убагында дарылабаса ал пульпитке, ал тургай пародонтитке (пародонтит) өтүп кетиши мүмкүн.

Кариестин себептери:

— Чийки жашылча-жемиштерди аз пайдалануу ;

— Кантты, таттуу азыктарды көп колдонуу;

— Витамин, кальций, фосфордун жетишпестиги;

— Тиш гигиенасын сактабоо;

— Ичип жаткан суубузда фтордун жетишпестиги;

— Бала түйүлдүк кезинде энесинен калцийди көп керектелгендиги.

Пульпит

Кариестин күчөп кеткен түрү — пульпит. Пульпит тиштин нервдери жана кан тамырлары сезгенгенде пайда болот. Пульпит көбүнчө түн ичинде кармайт. Мындай учурда кайсы тиш ооруп жатканы да байкалбайт. Себеби, оору жаактын жарымын, кээде беттин жарым бөлүгүн камтыйт. Оорунун пайда болуусунун башкы себептери:

— Бактерия;

— Дарыгердин кариести туура эмес дарылагандыгы;

— Пломбанын курамындагы химиялык ууландыруучу заттын таасири.

— Тиштен жаракат алуу

Тиш ооруну алдын алуу үчүн тиш гигиенасын сактоо керек?

Учурда өзгөчө кариес оорусу күч алууда. Негизи эле ооруларды алдын-алуу үчүн дарыгерге бир жылда бир жолу кайрылып кеп-кеңеш алып туруу керек. А бизде оору күчөп кеткенде келишет. Тиштеги ооруларды алдын алуу үчүн алгач тиш гигиенасын сактоо керек. Күнүнө 2-3 маал 3-5 мүнөткө чейин тишти тиш щётка менен тазалоо керек. Ал эми жаш балдардын тишинде кариес болбошу үчүн эне кош бойлуу кезинде кам көрүшү керек. Мисалы, боюнда бар аялдардын тамагында белок, май, углевод, витаминдер жана минералдык заттар, өзгөчө кальций, фосфор жетиштүү болсо тиштин соо чыгышына жана туура калыптанышына өбөлгө болот. Ал эми балдардын тамак-ашында белок, сүт, эт, жумуртка болушу керек жана азуу тиштери чыккандан тартып чийки сабиз, капуста берген пайдалуу. Кондитер азыктары, энергетикалык суусундуктар, өтө ысык чай, тамеки жана кофе тишке зыян.

Үстүӊкү азуулардын оорушу менен гайморит пайда болот

Үстүңкү акыркы төрт азуу тиштердин тамырынын ооруганы (айрыкча мурун көңдөйү азуутиштердин жанына жакын жайгашкан болсо) гайморитти пайда кылат. Тиштердин түбү ооруганда микробдор көңдөйлөргө өтүп кетет. Натыйжада гаймориттик сезгенүүнү пайда кылат.

Балдарга фтору аз тиш пасталар жакшы

Тиш пастаны тандоодо эң биринчи анын курамына көңүл буруу зарыл. 3-8 жашка чейинки балдарга курамында фтору аз (500ppmF) пастасын пайдаланууну сунушталмакчы. Ал эми мектеп жашындагы балдарга өзүнүн жашына ылайыктуу курамында концентрацияланган фторунун көрсөткүчү 1500ppmF болгон жана жемиштердин жагымдууу жыты бар пасталар ылайыктуу. 14 жаштан ашкан курактагылардын баары чоңдорго арналган пасталар менен жууса болот. Эгер сиздин бүйлөңүз дайым канап жүрсө, анда дарыгериңиз сунуштаган пастаны колдонушуңуз керек.

 

Самара САЛАМАТОВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here