Москвада 12 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелген кыргызстандык жигит соттолду. Бул тууралуу «Московский комсомолец» кабарлады.

Маалыматка караганда, окуя 2016-жылдын 24-декабрында болгон. Кыргызстандык Мира аттуу аял 3 кызы (12, 20 жана 21 жаштагы) жана улуу кызынын кичинекей баласы менен 3 бөлмөлүү батирде 69 жаштагы пенсионерди карап жашачу. Пенсионер аялдын бир тууганы аларды оорукчан пенсионерди багуу үчүн батирге киргизген.

Миранын 20 жаштагы кызы Жылдыз үйгө кыргызстандык 21 жаштагы Чыңгыз аттуу жигитти ээрчитип келген. Анын туруктуу иши жок, ар кандай иштерде иштеп жүргөн. Жылдыз менен Чыңгыздын ортосунда кызганычтан улам чатактар чыгып турчу. Чыңгыз Жылдыз анын көзүнө чөп салып жүрөт деп шектенчү. Ноябрдын аягында алар ажырашкан.

Чыңгыз жаңы жылга жакын кийим-кечелерин алып кетүү үчүн батирге барган. Эшикти Жылдыздын 12 жаштагы сиңдиси ачкан. Ал эми чоңдор иштери менен сыртка чыгып кетишкен. Батирде 12 жаштагы кыздан тышкары оорукчан пенсионер жана 4 жаштагы тууганы гана болгон. Чыңгыз эшикти ачкан кыздан кийимдерин издеп таап берүүгө жардам сураган. Бирок ал «өзүң изде» деп жооп берген. Орой жооп анын кыжырын келтиргендиктен ашканадан бычак алып чыгып, диванда жаткан кызды бетке сайган. Кыз эсин жоготкондо ваннага алып кирип, бычак менен дагы жаракат келтирип, андан кийин ваннага суу толтуруп кызды чөктүрүп койгон. Кан болгон шейшептерди дивандын артына бекиткен. Андан кийин үйдөн телефон уурдап чыгып кеткен. Телефонду базарга барып, 8 миң рублге сатып, акчага Бишкекке кетүүгө билет алган. Аны учакка отуруу учурунда кармашкан.

Шектүү сурак учурунда кылмышын мойнуна алды. Ал Жылдыз башка эркектер менен жүрүп, ага көп кайгы алып келгендиктен аны эле эмес, анын бүт үй-бүлөсүн жек көрүп калгандыгын айткан. Чыңгыз алар дагы кайгы тартышы үчүн өч алууну көздөгөндүгүн кошумчалаган.

Жыйынтыгында Москва шаардык соту Чыңгызды 16 жылга эркинен ажыратты. Ал буга катар эле каза болгон кыздын апасына моралдык зыян үчүн 1 млн рубль жана материалдык зыян катары 8 миң рубль төлөп бериши керек.
Булак:turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here