“Ас-Салам” кайрымдуулук фонду нун  жетекчис  Нурмухамед Миңбаев кайрымдуулук жаатында элдин алкоосуна татыган эң жакшы иштерди жасап келатканы элге маалым. Бүгүн анын дагы бир соопчулук ишти бүтүргөнү маалым болду. Ал  Ноокен районуна караштуу Масы айыл аймагында  100 дөй түтүн жашаган 4 көчөгө таза суу чыгарып берди.  Масы айыл аймагында 5 айыл бар болгон болсо, алардын баарында таза суу көйгөйү болуп келгени буга чейин айтылып келген эле.  Таза суу 180 метр тереңдиктен саатына 8 тонна чыгат экен. Белгилей кетсек,  Масы айыл аймагында 2017-жылы бою “Ас-Салам” фондунун демөөрчүлүгүндө жалпы 75 миллион сомдук инвестиция ишке ашырылгандыгы айтылат. Мисалы,  10 кожолукка турак-үй салынып, азыырнча анын бешөө колдонууга берилген. Алдыда Миңбаевден мындай жакшы иштерди дагы да көп, көп күтө берсе болот… Баса, башка байлар, коомдук фонддор Миңбаевдин жасап жаткан иштеринен үлүгү алышы зарыл…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here