Аз күн мурун кыргыз тилдүү гезиттердин бири шайлоодон кийин артын карабай Орусияга кире качкан Өмүрбек Бабановдун Жаныш Бакиевдерге жолугуп, план түзүп жатканы тууралуу маалымат жазган. Өмүкеңе ал маалыматты жеткизишти да, айтор муну уккандан кийин өкүрүп чыкты. Ал: “Мен саясатта болбой турганымды айтканмын, ушул элимдин алдында айтылган сөзгө турам. Сиздерден суранарым: такталган маалыматтарды жазсаңыздар.”- дептир. Айтылган сөзгө турса, эң ириде тырышпай мандатын эчак өткөрүп бериши керек болчу. Жар салып айткандан кийин, маалкатып жатып кечээ гана арыз жазыптыр. Бирок жазганда да өзү жазбай, бул жактагыларына жаздырып,анысын БШК кабыл алган жок. Жогорку Кеңештин депутаты болгон соң, анын үстүнө артында калбыры калың саясатчы экенин эске алганда, өзү башынан шүдүңдөп тынч жүрбөсө, артынан далай сөз ээрчийт да. Ал ээрчиген сөздөрдүн көбү чын. Саясаттын табияты ошондой эмеспи. “Катын” саясаты менен качып жүрө бербей, эркек болсо болмок. Баса, Бабановго ишенип, 600 миң киши добуш берди эле. Ошол 600 миң адамдын ишеничин актабай, өзүнүн каражанынын камын көрүп качып жүрөт. Кыскасы, эркек эмес экен.

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here