КЫРГЫЗ КЕЛИНИНИН ЫЙЫ

Булактын көзүнө окшоп бүлкүлдөгөн,

Буюмдай бурчтан бурчка түртүлбөгөн.

Дүйнөдө бакыт-таалай канча болсо,

Ошонун баары менин мүлкүм деген,

Ааламды аралаган күлкүм менен,

Атамдын ардагы элем,

Апамдын эркеси элем,

Айылдын бир кызы элем үлпүлдөгөн.

 

Кыргыздын кыз сыйлаган салтын улап,

Кыргыздын кыз сыйлаган баркын улап,

Кылымдан кылым кезген наркын улап,

Кысынбай эркин өскөн кыз элем мен,

Кызгалдак кездерим-ай, алтын убак!..

 

Аялуу сырын катып айтылбаган,

Алтындай тээ тереңде жалтылдаган

Ааламда канча жыргал, кубанч болсо,

Ошонун баары өзүм деп шаңкылдаган,

Акжаркын кыял менен калкылдаган,

Атамдын кымбаты элем,

Апамдын  сырдашы элем,

Айылдын бир кызы элем жаркылдаган.

 

Атакем Ай өңдөнүп,

Апакем Күн өңдөнүп,

Айланып күнү-түнү жүрөр эле,

Ажайып максаттарга сүрөр эле,

Басса да, турса дагы тегеренип,

Бактылуу болушумду тилер эле.

 

Ай, Күнүм толук кезде,

Аккан суу, күлгөн жылдар март экенин,

Айыпсыз балалыктын салты экенин,

Анда мен кайдан билдим күндөрүм той,

Үйдөгү жылдар майрам, айт экенин?

 

Анда мен кайдан билдим,

Бак-таалай эгиз эмес, жалкы экенин,

Басчу жол – ашуу, белес, кайкы экенин,

Жашоонун бир тарабы сайран болсо,

Жашоонун бир тарабы калп экенин?

Аттиң-ай,

Кайдан билдим, мен бейбактын

Маңдайы ушунчалык тайкы экенин?

 

Эсимде:

-Кымбатым! Алтыным!-деп жалынганы,

Кылычтай кындан кынга чабылганы.

Кыргыздын бир жигитин таптым го деп,

Кыялым кыян болуп агылганы…

 

Тагдырдын тартуу кылган ордосу эле,

Таарынсам ой-боюма койбочу эле.

Балдардын арасынан  тандап сүйдүм,

Бактылуу болдум го деп ойлочу элем.

 

Баш коштук, калың келип, мата келип,

Бапырап ата келип, апа келип.

Жакшылык калкыбыздын тилеги го,

Жашырбай бар-болгонун чача берип,

Көпчүлүк көлкүп-чалкып кеткен эле,

-Көшөгөң көгөрсүн!-деп бата берип.

 

-Жаша!-деп,

Жалган дүйнө сайрап турду,

-Жаша!-деп,

Жакын достор жайнап турду.

-Жашайбыз!-дедим,- мен да элдей болуп,

Жаманга ыраа көрөбөй бар бактымды.

А бирок,

Аз жыл өтпөй ак батаны,

Алганым,

Арак менен алмаштырды.

 

Баягы,

Жакшы үмүттөр талкаланып,

Батирин көрүнгөндүн аркаладык.

Жашадык,

Ишибиз жок иштегенге,

Жанбактык,

Ит сыяктуу калкаланып.

А күйөөм баш көтөрбөй иче берди,

Ичкени ичкен сайын кайталанып.

Мен аны түпсүз шордон чыгарам деп,

Канча ирет чуркабадым “аркан” алып…

 

-Ичпегин,-дедим ага,-

Ичкилик канчаларды бузуп жатат?

-Иштегин,-дедим ага,-

Жок дегенде дунганга малай болуп,

Уйгурдун тамын салып,

Күрттөрдүн бастырмасын жамай коюп.

Кайнатам канча урушту,

Кайненем боздоп канча жашын төктү!

-Атаңдын канын ичкир,

Канымды ич!-деп канча сөктү!

 

Уккан жок,

Акыл айткан сөздөрдөн  качып турчу,

Арак жолдош бирөөлөр үйгө келсе,

Араңжан жатканда  да атып турчу.

 

Ошондой бир күн эле солуп турган,

Ооруксуп ай-күнүмө толуп тургам.

Кууп чыкты ал эшикке чачтан алып,

Кудай-ай, мени кимге жолуктурган?

Көгала койдой союп, көпкө жаттым,

Көң-кыктын арасында тоңуп турган.

 

Жашырдым, бирок кылган курмандыгын,

Жашырдым, тепкиге алып ургандыгын.

Жанымды кыйгым келди кээ бирде мен,

Жаш төгүп, боздоп акты курган жылым…

 

Шамалдын үнү чыкса ыркыраган,

Жүрөгүм ток тийгендей зыркыраган,

Аялдын үнү бизде чыркыраган,

Арактын жыты бизде буркураган.

Алтындын тунугундай үйбүлө элек,

Азыр биз айнек болдук быркыраган.

 

Айла жок,

Жанды жанга соога кылып,

Ага иш жок,

Мен көчөдө көр-жер сатып,

Акырын жашап жаттык соода кылып.

Тагдырдан тайгаланып, арга кетип,

Тапканым эптеп-септеп нанга жетип,

Баламдын бүтөй албай кийимдерин,

Базардан баар издеп айла кетип,

Буулугуп башым катат, билелбастан

Бул турмуш баратканын кайда кетип.

 

Түрүм бош, ооп турган шайымды алып,

Түн ката келип үйгө нанымды алып,

Кир-когун жууй салайын балдардын деп,

Жаңы эле турганымда самынды алып,

Акшыйган көзү менен карады да,

Ал менин жей баштады жанымды алып:

 

— Теледен молдо айтты,-дейт,-

— Катын деген көчөгө чыкпаш керек,

Катын деген жылбастан үйгө олтуруп,

Шарият жолун көздөй ыкташ керек.

Этеги кыска көйнөк кийип алып,

Эркектердин напсисин бузбаш керек!

 

Көчөгө чыккан катын бузулат деп,

Көрүнгөн эркек ага тушугат деп,

Катындар үйгө олтуруп бала баксын,

Катындан көчөдөгү,

Кайдагы жин-шайтандын жыты урат деп,

Телеге чыгып алып,

Карегин жыртып тешкен,

Бүтүк көз молдо айтты дейт…

 

-Кана айтчы,

Сага канчоо тийишти?- дейт,-

Саныңдан кармап канчоо күлүштү,-дейт.

-Чыныңды айт,

Азыр мууздап салалекте,

Канчоосу сени менен жүрүштү?-дейт.

 

О, Кудай!

Көркоо турмуш! Көргө кир-ай,

Күн келер болду бекен өңгө бир-ай!

Так ошол былжыраган телең менен,

Так ошол молдоң менен жерге кир-ай!

 

Көчөдө көр-жер сатып, чаң жыттанган,

Көлчүксүз, какшып калган сай жыттанган,

Ким карайт, о шоркелдей, катыныңды,

Көркү жок, адам эмес, мал жыттанган?

 

Сен иштеп,

Бала-чакаң ток болгондо,

Куураган очогубуз от болгондо.

Ушинтип мен көчөдө турат белем,

Кайгыбыз, капабыз да жок болгондо.

 

Дегенде,

Муштумубу, өтүгүбү,

Алай-дүлөй ал мага атырылып,

Кан түтөктөп мурдумдан, улуп-уңшуп,

Жерде жаттым кийиздей сапырылып.

 

-Мен сени деп ойлобо катын алган,

Мен сени буюм өңдүү сатып алгам!

Өлтүрсөм-койсом дагы өзүм билем,

Башыңды биротоло ачып алгам!-

Деп менин бычак такап жүрөгүмө,

Денемди калтыратып илебине.

Боздогон балдарына карабастан,

Так салды тилип туруп билегиме…

 

Билбеймин,

Кандай тагдыр күтүп турат?

Атасы кечиккенде, безгек болуп,

Уул-кызым калч-калч этип үшүп турат.

Мен эми сойсо сойсун, ылжып келип,

Балдарга бычак шилтеп ийеби деп,

Жүрөгүм өзүнчө эле түшүп турат.

 

Билбеймин,

Кандай жандар түзүк турат?

Ал мас болуп чаң салып келген күнү,

Жашоодон үмүтүмдү үзүп турат.

Мени өлтүрсө мейли эле,

Өзү өз кызын,

Балээ кылып ийеби мас айбан деп,

Жүрөгүм өзүнчө эле түшүп турат.

 

Мен өңдүү кор болгондор,

Жалгыз эмес,

Мен бармын Нарында да, Таласта да,

Мен Баткен, Жалал-Абад элиндемин,

Түштүктүн ар бир айыл жериндемин.

Мен деген Көлдө, Чүйдө, Кеминдемин.

Кыргыздар айланайын, айткылачы,

Кимдер коргойт?

Кыргыздын көз алдыңда,

Кырылып бара жаткан келиндерин?!

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here