Бүгүнкү күндөн тартып, биздин органдын атайын адистери жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгын жардамы менен биргеликте рейдке чыгып,  атайын жабдыктар менен унаалардан чыккан түтүндүн нормасын ченей баштадык. Ушул тапта рейд уланууда. Алдын ала маалыматтарга караганда, унаалардан чыккан түтүндүн зыяндуулугу ченемден кыйла жогору болуп чыгууда. Ушундан улам биз Өкмөткө автоунааларды техникалык кароодон өткөрүүнү кайра киргизүү сунушун берип жатабыз,-деп мамэкотехинспекциянын төрагасы Канат Муратбеков «govori.tv» сайтына бидирген…

Бул маселе колдоого алына турган көйгөйлүү маселелердин бири. Анткени, Кыргызстандагы машинелердин көбү эски. Эски машина эскиргенине жараша угаргазды көп бөлүп чыгарат.  Мамлекеттик айлана чөйрөнү коргоо агенттиги Бишкектин абасына ар жылы 250 миңге чукул зыяндуу калдыктар бөлүнсө, алардын 180 миңге жакыны автоунаалардан бөлүнүп чыгаарын билдирген. Ал эми Бишкек Жылуулук борборунун жетекчилиги  (ТЭЦ) Бишкектин абасын БЖБ булганга жок деген. Чынында акыркы учурда борбор шаардын экологиясы нормадан көп бузулуп кетти. андыктан бул багытта иш билги Канат Муратбеков көйгөйдү чечет деген ишенимдебиз.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here