Мирлан Исагалиев деген ишкер катары коомчулукка таанымал жигитти алкагандар арбып турат. Анткени, кыркы кырындагы Мирлан мырза, өткөн жылы Балыкчы шаарына Геомадализ борборун салдырып, ага 5 гемоделиз, 5 муздаткыч, 5 телевизор белек кылып, суу тазалоо системасын да курдуруп берген. Андан кийин Талас облусунун ооруканасына “Тез жардам” кызматынын жаңы автоунаасын белек кылды. Ошондой эле жаңы автоунааны аз күн мурун Нарын облустук ооруканасына белек кылды. Мына ушунун өзү кандай эрдик! Исагалиевден алда канча байлар толтура. Бирок алар тырышып, кайрымдуулук иштерин жасашпайт. Жасашса да ченеп-бычып, ырымдашкан болот. Андыктан, сасык байларды Исагалиевден үлгү алууга чакырат элек. Эмесе, Мирлан мырзанын ишине ийгилик каалап, дагы да элдин урмат –сыйына, ак батасына татып жүрө беришин каалап коёлу.

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here