Жогорку Кеңештин коррупция боюнча жыйынында бир катар кызык маалыматтар ачыкка чыкты. Буга чейин коорупциялышп кеткен мекелер айтылып келди эле, алар дагы айтылды.  2017-жылы Мамлекеттик каттоо кызматында 28 коррупциялык кылмыш аныкталса, Бажы кызматында эки, энергетика тармагында 16, Салык кызматында үч кылмыш ачыкталыптыр.  УКМК өткөн жылы коррупция боюнча 210 иш козгогон. Ал эми мамлекетке келтирилген чыгым 1 миллиард 448 мил­лион сомду чапчыган. Бул эми   билингени эле. Билинбей, “жабылуу аяк жабылуу бойдон калганы” да толтура эмеспи. Бизде эң башкы жаза жумуштан алуу, андан ашса, бир канча жыл абакка камайт, абактан да эбин таап эрте чыгып кетишет. Бирок ошол атка минерлердин алкымына кирип кеткен 1, 5 миллиард сом акчаны кустуруу маселеси биринчи орунда турушу керек. Элге, өлкөгө келтирген зыяндарды эселеп, өндүрүп, кустуруп алуу зарыл.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here