—Алтынбек мырза, Сиз мүчө болгон комитет капиталдык курулуш, жалпы эле архитектура тармагын да көзөмөлдөйт эмеспи. Аталган тармактын ийгиликтери, кемчиликтери тууралуу айтып берсеңиз?

—Капиталдык курулушка бөлүнгөн акча быйыл 3 млрд. сомго жеткен. Мурунку жылдары жалпысынан 6 млрд. сомго чейин көтөрүлгөн экен. Эми бул жакшы көрсөткүч. Бирок биз текшере келсек, ал акчанын миллиард сомго жакыны «подрячиктердин» колунда экен. Ар бир иштин бүтө турган мөөнөтү бар да. Кыскасы, акча берилип кеткен, иш убагында бүтпөй созулуп жатат. Бир фирма бир райондон мектеп куруп жатса, кайра эле ошол фирма башка ат менен башка райондо бала- бакча кура берет экен. Биринин «шапкесин» бирине кийгизмей да. Тендерде абдан көп уткан да фирмалар бар экен. Бул жагы кандайдыр бир шек жаратпай койбойт экен. Андыктан биз алардын кандай «туугандыгы» бар экенин текшерип берүү маселеси менен прокуратурага кайрылдык. Негизи эле мамлекеттик курулуш жана архитектурага суроолор көп. Курулуштагы нормалар 80-жылдардагыдай эле болуп келатат. Жаңы заманга ылайыкташтыра албай коюшту. Бул маселени канча жолу айтып келатабыз, бирок иш алдыга жылбайт. Буга чейин Көчмөндөр оюнун өткөрөбүз деп 1, 5 млрд. сомду ошол тойго жумшаганбыз. Анын айынан далай мектептер, бала-бакчалар курулбай калды. Мына эми быйыл дагы өткөрөбүз деп жатабыз. Болбой эле бир топ акча кетет да. Бир эмес, эки ирет өткөрдүк. Негизи бул оюндун идеясы жакшы. Бирок эстафета катары башка көчмөн өлкөлөрүнө берсек, абдан жакшы болмок. Бул оюндун баасы да, баркы да алда канча көтөрүлмөк.

—Жол салуудагы коррупцияны көп айтып келесиз. Буга чейинки маектериңиздин биринде бул тармактагы коррупциялык схемаларды ачыктайм дедиңиз эле. Аныңыз унутта калды го…

—Эч качан унутта калбайт. Себеби, биз бул багыттагы мыйзам бузууларды, түшүнбөстүктөрдү, коррупциялык элементтерди дагы да болсо акырындык менен иликтеп жатабыз. Мен азыр мисал катары айырмачылыктарды кыскача айтып берейин. Кыргызстанда көптөн бери Кытайдын «Чайнород» деген компаниясы бийлик менен жакшы тил табышып алып, миллиондогон долларларга негизги стратегиялык жолдорубузду салып келатат. Бирок ал салып жаткан баа дүйнө жүзүндө бир да жол салган компанияда жок болсо керек. Маселен, бизде «Лонхай» деген компания биздин кыргыз жарандарыбызга бир тонна кумду, же шагылды 1 чакырымга ташыганы үчүн 5 сом төлөп берет. Ушул баа менен биздин жарандарыбыз татынакай эле иштеп жатат. Бул жакшы баа. Бир айда жакшы эле акча менен, айтор иштегенине жараша 3-4 миң доллар табышат. Өкмөт болсо «Чайнород» компаниясынын жумушчуларына ошол эле 1 тонна кумду 1 чакырымга ташыганы үчүн 50 сом төлөп берет экен. Бул эмне деген акча? Ушул сыяктуу эле баардык баа кымбат. Бул компания өздөрүнүн акчасына биздин мамлекетке кирип алышкан. Ошон үчүнбү, же дагы башка кызыкчылыктар барбы, айтор түшүнүксүз. Биз эми мунун баарынын документтерин чогулутуп алдык. Буюрса, жакынкы күндөрү элге жарыялайбыз. Өкмөттөн кандай жыйынтык болот, анан көрөбүз да. Негизи түндүк- түштүк альтернативдүү жолунун баасы алгач 850 млн. доллар деп бааланган. Бир аз убакыт өткөндөн кийин млрд. долларды чапчытып жиберишти. Буга да бир катар себептерди айтып жатышат. Кандай болгон күндө да ошол жолду салып жаткан компаниялар өтө кымбат баага иштеп жатышат. Бул олчойгон акча бекер акча эмес да, элдин мойнундагы акча. Бул жагын да эске алуу зарыл. Бирок ушул сыяктуу курч маселени көтөрсөң, жектеп башташат. Ал тургай, ошол жолдордун салынып жатканын көрө албай жаткан эл душманы сыяктуу көргөзгөнгө да аракет кылышат да. Мына ушул жагы жаман да.

Жол боюнча дагы бир маселени айта кетели. Бишкек-Кара- Балта жолу салынып жатпайбы, жаңылбасам 70 млн. долларга эсептелип. Ушул абалы анча жаман эмес жолду бузуп, кайра салбай, тим коюп эле, темир жолдун жээги менен татынакай альтернатива кылып салып туруп, төлөй турган жол кылып койсо сонун болмок. Азыр Кара-Балтада кээ бир үйлөр жолго тийиштик бергени үчүн аларга компенсация төлөп жатышат. Бирок ошол жакта жашаган айрым жашоочулар бул маселеге чектен чыгуу менен мамиле кылып жатышыптыр. Алардын каалоосу боюнча үйдүн баарын сатып алууга мүмкүн эмес.

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here