Heatworks компаниясы CES 2018 жаңы технологиялар көргөзмөсүндө Tetra аталыштагы идиш жуучу машинаны көрсөттү. Аталган идиш жуугуч сууну жакшы ысытып, интернетке туташат экен. Сыртынан бууга бышыруучу тамактарды жасай турган идишке окшошуп кетет. Андан сырткары, идиш жуугуч үйдүн сантехникасына туташпастан, ар бир жууган сайын атайын суу куюла турган түтүкчөсүнө суу куюлат. Ар бир жууганда эки киши ичкен тамактын идиштери толугу менен батып, болгону 10 мүнөт убакытты алат. Компаниянын инженерлеринин айтуусунда, аталган идиш жуугучка идиштерди гана жууп тим болбостон, күрүчтү, деңиз азыктарын бышырып, жемиштерди тазалап, балдардын тамактарын дезинфекцияласа болот. Бул идиш жуугуч 2018-жылдын аягында сатыкка коюлуп, баасы 300 доллардын тегери болоорун айтышууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here