Кыргыз коомчулугуна “коррупционер” саясатчы катары жакшы таанымал Акматбек Келдибековдун илимге башын “тыгып”, билегин түрүп докторлук диссертация жазып, илимдин доктору болмокчу болгону маалым. Бирок ал илимий ишти өзү жазмак кайда. Тиши өтмөк беле. Андыктан аны экс-депутат Э. Жумалиевага жаздырып жатыптыр деп жазып чыгышып, эл кезинде кызуу талкууга алынган болчу. Ал тургай “Де-Факто” гезити илимий ишти 15 миң долларга жаздырганын жазды. Анысы го ал. Эң жаманы ошол илимий ишти Келдибеков М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде жактамыш эткенге аракет жасаптыр. Жасаганы курусун, Келдибеков “өзү жазды” деген докторлук диссертациясы өтө чийки болуп, окумуштуулардын сынынан өтпөй калыптыр. Кыскасы, бир ооздон каршы болушуп, илимий иштин сапаты өтө төмөн экен деген жыйынтыкка келишкен экен. Бул ушак эмес. Кашкайган чындык. Келдибековдун докторлук иши аталган университетте талкууга алынганын КУЭнун проректору Көбөгөн Атышов дагы “Акипресске” тастыктаган.

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here