Зергер десе эле күмүш менен алтындан зер буюмдарын жасаган адамдарды элестетебиз. Биз бул жолу металл менен эмес баалуу таштардан зер буюмдарын, аялзатынын сулуулугуна гана кам көрбөстөн, ден соолугуна пайда алып келе турган мончокторду, сөйкөлөрдү колье ж.б. зер буюмдарын жасаган Айнура Сулейманова эже менен баалуу таштардын касиеттери туурасында баарлашып кайттык.

“Фетрдин ичиндеги шурулар баалуу таштар менен иштөөмө жол ачты”

—Ошто “Солнце на ладошке” деген майып балдар менен иштешкен коомдук фонд менен иштешип жүрчүмүн. Кийизден балдардын акылын өстүрүүчү фетрлерди балам экөөбүз жасап камсыздап жүрдүк. Анан ошол биз жасаган  фетрдин ичиндеги шурулар мени баалуу таштар менен иштөөмө жол ачты. Көрүүсү начар балдарга бул фетр абдан жакшы жардам берет.

“Туристтер ташка болгон кызыгуумду ого бетер арттырды”

—Таштарды бала кезден эле жакшы көрчүмүн. Акырындан өзүмдүн хоббиме айланды. Өзүмдүн кесибим боюнча инженер-куруучумун. Баалуу таштар менен иштегениме 3 жылдай убакыт болуп калды. Курбум Ысык-Көлдө дарыкана ачып, жалгыздыктан коркуп, бижутерияларыңды сатып алчы дегенинен ала баргам. Ал жакка орустар жана казак туристтер көп келишет экен. Туристтер эле менин ташка болгон кызыгуумду ого бетер арттырышты. Алар сатып алган сайын таштардын аттарын, алардын касиеттерин, кайсы ооруга пайда экенин сурап атышып, учурда мен баалуу таштардын ар биринин касиетин билип калдым.

“Асыл таштарга караганда баалуу таштар пайдалуу”

—Таштардын баары азыр бизге кытайлардан келип калган. Базарда таштын түрү бар. Дизайнын өзүбүз жазайбыз. Мен асыл таштар менен эмес, баалуу таштар менен иштейм. Баалуу таштардын дарылык касиети көбүрөөк. Баалуу таштардын асыл таштардан айырмасы баалуу таштардын дарылык касиети бар. Толкуну алмаз, сапфир, бриллианттыкынан көбүрөөк. Асыл таштар баалуу таштарга караганда катуу жана сейрек кездешкени үчүн кымбат.

“Этно стилге көбүрөөк ыктай баштадым”

—Кыргыз эли азыр таштын маанисин көп биле бербегени мени өкүндүрөт. Алтын, күмүшкө караганда таштардын ден соолукка тийгизген пайдасы көбүрөөк. Айрыкча эл менен иштеген адамдар таштарды көбүрөөк тагыныш керек. Учурда мен этно бижутерияга кызыгып жатам. Ысык-Көлдө 2-3 ай иштеп калган мезгилдери бош жатпастан, өзүбүздүн этно стилибизге көңүл бура баштадым. Бой тумарларды жасап, музейлерге кирип, теледен атайын этнопрограммаларды көрүп жатам. Учурда мени менен иштешкен адамдар азыраак. Мен жасаган эмгектеримди биздин ырчы-бийчилер сахнага тагынып чыгышса абдан сүйүнөөр элем. Аларга бир тагынып чыкканына жөн эле бермекмин. Кыял базарында эмгектеримдин көбү сатылды. Үкү топуларды таштар менен шөкөттөп берсем сатып берет. Менин эмгектеримдин баасы жок.

“Таш менен иштеген зергерлер Теңирчи эмес”

—Ал жакта мыкты зергерлер бар. Бизде тоолордо асыл таштар бар. Бирок, ташты иштетүүчү фирмалар жок болгондуктан асыл таштарыбыз азырынча тоолордо эле жатат. Кытайлар болсо баалуу таштарды формага келтирип, иштетип чыгып жатышат. Таш менен иштеген зергерлерди Теңирчи жана башка деген сөздөрдү айтышат. Бирок, адам баласы жарала электе эле таштар пайда болгон. Илимий жактан алганда таштар эч бир динге кирбейт. Таштарды бардык диндин өкүлдөрү тагынып жүрөт. Ташты тагынып, пайдасын алышса деп ойлойм. Бирок, таштарды көрүстөнгө, куран окуган жакка, душка, дааратканага кийбеш керек, уктаганда да чечип койгон жакшы. Анан таштарды бирөөгө карматпаш керек.

Баалуу таштардын пайдасы

Агат

— 150дөй түскө ээ. Аны сол колго тагып алышса кыжалаттандырат. Ал өнөкөт жөтөлгө, тамак ооруларына жана тишке өз таасирин тийгизет. Мекени Непал, Тибет, Индокитай, Монголия. Агаттын 150гө чукул өңү бар. Таштар адамга пайдасын бергенден кийин өңүн өзгөртүшөт. Кээ бир таштар пайдасын бергенден кийин жарылып кетет.

Берилл — көгүш өңдө болот. Тагынган адамга ийгиликтерди, жетишкендиктерди алып келет. Адамдын маанайын көтөрүп, жашоого болгон үмүттү жандандырат.

Янтарь

— жүрөктүн согушуна жана кандын айлануусуна оң таасирин берет.  Айымдар боюнда барда тагынып жүрүшсө, түйүлдүктүн ден соолугу да жакшы болот.

Нефрит — жашыл болот. Жашоодогу күчтү бекемдегендиктен “жашоо ташы” деп аталат. Бөйрөк, боор ооруларынын алдын алат. Көздүн көрүүсүн жакшыртат. Кумар оюндарында, спорттук таймашууларда жеңишке жетелейт.

Сердоликтин — өңү кызыл, жашыл, ак түстөрдө учурайт. Мусулмандар “кимде-ким сердолик тагынса, кедейчиликти билбей жашайт” дешкен. Ал сулуулук тартуулап, терини жашартат. Ошондой эле ал ар кандай кара дубалардан, чыр-чатактан коргойт.

Лазурит  адамдагы жетишпеген достук, сүйүү жаатындагы мамилелерге өбөлгө болот. Талма, ревматизм, тери оорулары менен жабыркагандарга сунушталат.

Коралл эс тутумду жакшыртат. Жараттарга, жараларга өз таасирин тийгизет. Көз тийгенден сактайт.

Гранит — кочкул кызыл, сары түстөгү асыл таш. Анын символу — жүрөк менен сүйүү жана достук. Дене жогорку температурада ысыганда жана тамакка суук тийгенде жардам берет.

Циркон — тунук түстө. Акыл-эсти жакшыртып, эс тутумду бекемдеп, ой жүгүртүүнү жогорулатат.

Берметти — ар кайсы өлкө ар кандай түстө колдонот. Ал жоопкерчиликсиз сүйүүдөн, жаман көздөн, уурудан сактайт.

МаектешкенТөлөбүбү КАСЫМАЛИЕВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here