“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдон Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан баш тартуу боюнча арыз БШКга келип түшө электигин орун басар Абдыжапар Бекматов “Азаттыкка” билдирген. Ал:  “ Бизге арыз келип түшкөн жок. Мыйзамда көрсөтүлгөн жоболорго жооп бербеген кагаздарды кабыл ала албайбыз. Ошондуктан бизге арыз келип түштү деп айта албайбыз  дептир.

Эске сала кетсек,  бүгүн түшкө чейин Бабанов мандатынан баш тартуу боюнча арызы БШКга тапшырылганын РАЖчылар сүйүнчүлөшкөн. Көрсө, көп ишти көз жумду кылып бүтүрүп, алдагынан алдап келген Бабанов арызды өз колу менен жазбай, бул жактагы “шестёркаларына” жаздырып коюптур. Кокуй неме БШКны өзүнүн Садыбакасовадан тартып алган “Кыргызстан” банкындай көрөт окшобойбу. Качкын  «балапан» саясатчыга өз колу менен жазып берип жиберүүгө кудурети жетпей, мандат менен коштошу кыйын болуп жатса керек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here