Орусиянын Якутск шаарынын 24 жаштагы тургуну Анастасия Груздеванын инстаграмм барачасына   жүктөгөн сүрөтү аз убакытта  популярдуулукка ээ болду. Бул тууралуу  alt.kp.ru  жазып чыкты.Ал кирпиктерине муз тоңгон сүрөттү жүктөп, төмөнкүдөй билдирүү калтырган.

«Бизде 50 градуска чейин суук. 2 жыл мурун да дал ушундай сүрөт жүктөгөм, ошону жаңыртып коюуну чечтим», — деген ал.

Анын бул сүрөтү дароо кызуу талкууга алынып, көпчүлүктүн таң калуусун жараткан жана  аз убакытта 28 миңге жакын «жакты» белгисине татып, ага катталгандардын саны арбыган. Кирпигине муз тоңгон кыз , анын бул сүрөтү мынчалык популярдуу болуп кете турганын ойлобогонун айткан.
Анастасия Якутия шаарында үлпөт салонунда ишейт. Аны «Якутиянын Снегурочкасы» деп атап алгандар дагы болду.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here