Кечээ жакында басма сөз бетинде А.Келдибеков ийне менен кудук казып, докторлук диссертациясын жактаган жатат деп кабар кетти. Мындан улам тээ күзүндө “А.Келдибеков 15 миӊ доллар берип даяр диссертация сатып алды” деген макала чыкканы эске түшүп, журналисттик иликтөө жүргүздүк.
Акыркы кездерде акчанын күчүнө салып, илимий наам-даражаларды сатып алуу саясатчылар арасында мода болуп кетти. Кызыгы, уялбай туруп илимий даража үчүн деп алган айлыгына да өкмөттөн үстөк пул коштуруп алышат. Алардын арасында убагында бийликтин жогорку тепкичтеринде кызматтарды ээлеп, жөн ээлебей, белине чейин коррупуцияга малынып, ал айыбы ачылып, темир тор артына барып келгендери да бар. Аларга илимдин эмес, паракорлуктун доктору деген наам берсе жарашат.
Маселен, “коррупция” беренеси менен соттолуп, жазасын өтөп чыккан экс-спикер А.Келдибеков азыр экономика илимдеринин доктору болом деп жутунуп турат. Жутунганы ушул – буга чейинки аракетинен майнап чыкпай калган.
Тактап айтканда ушул жылы күзүндө М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик экономика университетинин ректору Т.Камчыбековдун жардамы менен докторлук диссертациясын жактоого даярданып жаткан. Бирок, диссертациялык кеӊештин айрым бир мүчөлөрү “Акматтын акылы аз, ага илимдин доктору деген наам берүү бул уят” деп каршы чыгып, эки достун арам ою ишке ашпай калган болчу.
Анда кеп башынан болсун. А. Келдибековдун докторлук иши М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономика университетиндеги “Экономика жана эл чарбасын башкаруу” адистиги боюнча диссертациялык кеңеште талкууланып, катуу сынга алынган. Сынга алынганы курусун, кара күчкө (акчанын күчүнө десек жарашат) салып, кайра наам берген жатышат. Айтмакчы, ректор Т.Камчыбеков ал диссертациялык кеңешке өз кишилерин топтоп алган жайы бар. Паралап алган 15 миӊ долларды да ошолорго бөлүп берсе керек деген ой келет экен. Болбосо илимий талаптарга жооп бербеген диссертацияны жактырып, докторлук даражаны берүү оӊой-олтоӊ иш эмес.
Эске сала кетсек, А.Келдибеков 2008-жылы дал ушул Т.Камчыбековдун жардамы менен кандидаттык диссертациясын жактаган. Эми минтип бакыйган илимдин доктору болгусу келип туру. Албетте, Акматбек мырза илимге ышкыбоз болсо эч нерсе дей албайт элек. Бирок Акматбек мырза саясаттан башы чыкпай, партия артынан партия түзүп жүрдү. Ал гана эмес жооптуу кызматтарды да аркалап келди. Анан коррупцияга шектелип камакта жатты. Соту бүтүп-бүтпөй сыркоолоп калып, Германия, Дубай, Малайзия өӊдүү өлкөлөргө барып дарыланып келди. Операция болдум деди. Ошондо кайсы маалда илимий иштерди жазып жетишти болду экен?
Илим алуу ийне менен кудук казгандай экенин эске ала турган болсок, Акматбек мырза ушул арада докторлук диссертация жазып жибергендигинен шегим бар. Болбосо жазган илимий макаласын көрсөтүп берсин. Анте албайт. Айтор аны илимий иш жазып отурду десе эч ким ишенбейт. Өзүндө да уялуу сезими жок окшойт чунак киши.
Ооруну жашырсаӊ, өлүм ашкере кылат дегендей А.Келдибековдун докторлук диссертациясын кантип даярдалганы боюнча кечиксе да кеӊири маалыматтар чыгып жатат. Тактап айтканда А.Келдибековдун докторлук диссертациясын экс-депутат Э.Жумалиева жазып бергени тар чөйрөдө жакшы белгилүү. Айтмакчы, Э.Жумалиева А.Келдибековдун аяшы болот. Анткени Э.Жумалиева республикалык Эне жана баланы коргоонун Улуттук борборунун директору К.Узакбаевдин жубайы. Ал эми К.Узакбаев болсо экс-спикер А.Келдибековдун жана ректор Т.Камчыбековдун ынак досу.
Айтор, коррупционер катары камалып чыккан А.Келдибеков достору аркылуу илимди да иритип жатканына жол болсун демекчибиз. А.Келдибеков кара башына эле коррупционер болбой, коррупциялык система түзүп, жерге-жээк, дос-тамырлары менен табакташ болуп жүргөн тура. Бир досу аялына А.Келдибековдун докторлук ишин жаздырып берсе, экинчи досу ал “илимий” ишти расмий бекитип, акысына 15 миӊ доллар алып, айтор май-талкан болуп жата беришет окшобойбу.
Бирок элден айланса болот, эл ичинде өз позицияларына бекем турган илимпоздорубуз да бар. Алар илимди ириткиси келген А.Келдибековдун шайкасынынын айыбын ачып беришти. КЭУнун дисертациялык кеӊешинде ректор Т.Камчыбековдун камчысын чаппаган илимпоздор бар. Алар Р.Асизбаев, С.Турсунова, А.Орозбаева жана У.Абдынасыров (баары КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын кызматкерлери) А.Келдибековдун докторлук диссертациясы өтө төмөнкү деңгээлде экенин айтып, мындай иш үчүн докторлук даража берүү уят иш экенин эскертишкен.
Анүстүнө коррупциялык кылмыш иши үчүн соттолгон адам илимдин доктору болгонго моралдык укугу барбы деген суроо туулат. Ага болбой эле күчкө салып докторлук даража бериле турган болсо, илимий чөйрө ирээнжип, ак эмгек кылып жаткан илимпоздордун бетине түкүргөндөй эле болоорунан шек жок.
Илимий принципти туу туткан илимпоздор А.Келдибековдун 15 миӊ доллар берип жаздырган диссертациясы менен жакындан таанышып, эксперттик корутунду беришкен. Корутундуга ылайык А.Келдибековдун диссертациясы илимий даража жактоого жараксыз деп табылган. Деталдарын айтып отурсак гезит бети жетпейт. Темасы менен планынан баштап, колдонулган адабияттар, шилтемелер да талапка жооп бербей тургандыгы аныкталган (Э.Жумалиева 15 миӊ долар алганына жараша жакшылап эле жазып берсе болмок экен).
Кызыгы А.Келдибековдун диссертациясы “Экономика жана эл чарбасын башкаруу” адистигине туура келбейт (шифри 08.00.05). Бирок «финансы, акча айлантуу жана кредит» (шифри 08.00.10) адистигине туура келет экен. Мындан улам А.Келдибеков диссертациялык кеӊешти алмаштырууга аргасыз болгон. «Финансы, акча айлантуу жана кредит» (адистиктин шифри 08.00.10) адистиги боюнча диссертациялык кеӊеш Б.Ельцин атындагы Кыргыз-орус славян университинде бар эле. Бирок ал жактан өӊ-тааныш табылганча кеӊештин мөөнөтү аяктап, жабылып калат.
Учурдан пайдаланып, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик экономика университетинин ректору Т.Камчыбеков өз университетине «Финансы, акча айлантуу жана кредит» (шифри 08.00.10) адистиги боюнча диссертациялык кеӊеш ачууга аракет кылып жатат. Дискеӊеш ачылды дегиче эле досу А.Келдибековдон очойто акча алып, илимдин доктору деген даражаны сатаары турган иш.
Баса, эксперттик корутундуга ылайык А.Келдибековдун диссертациясында өтө көп одоно каталар бар. Ал корутундуда (орусча жазылган) “недопустимые погрешности научного, методического, методологического и организационного характера практически в каждой главе» деп так кесе айтылат. Ага карабай доктор болом деген А.Келдибековдо да, досуна жан тарткан Т.Камчыбеков да бет жок экен десек, эки дос таарынбайт болсо керек.
Эл тараза, эл сынчы деген ушу. Ким гана болбосун, кандай гана коррупциялык система түзүп албасын, арам тамак аш болбойт. Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миӊди жыгат демекчи, учурда уучубуз кур эмес, илим-билими тереӊ уул-кыздарыбыз жетиштүү. Алардын эмгегинин үзүрүн жалпы элибиз көрүп келатат. Бирок А.Келдибеков Т. Камчыбеков экөө илимди ириткилери келип, көнгөн иштерин кыла беришет окшобойбу. Бул экөө коррупицонерлердин ити чөп жеген заман бүткөнүн мойнуна алгысы келбейт окшойт. Баса, Т.Камчыбеков М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик экономика университетинде мыйзамды да, адеп нормаларын да эсепке албай, өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илген ректор болуп жатканы боюнча кийинки саныбызда кеп кылмакчыбыз.

Булак:Курч

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here