Бишкектеги Свердлов районунда жайгашкан унааларды оңдоочу жайда ири өрт болуп, бир адам көз жумду. ӨКМ бүгүн, 16-январда билдиргендей, унаа оңдоочу, дөңгөлөктөрдү желимдөөчү жай жана унаа тетиктерди сатуучу дүкөн толугу менен күйгөн.
Ошондой эле, сыртта турган «Тойота Королла», «Ауди-100» жана «Жигули» унаалары толугу менен өрттөндү. Учурда техникалык тейлөө станциясынын ичинен табылган дененин (күйүп калган) аты-жөнү жана өрттүн себептери такталып жатат.

Булак:Турмуш

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here