Казакстандын Шымкент шаарындагы Rixos мейманканасында 14-январда шымкенттик олигарх Серикжан Сейтжановдун небереси Амиржандын жана ишкер, Казакстандын президентинин иниси Кайрат Сатыбалдынын кызы Аружандын үлпөт тою өттү.
Күйөө баланын чоң атасы, казакстандык олигарх, меценет Серикжан Сейтжанов Forbes-Казахстандын тизмесинде 18-орунду ээлейт. Анын 2017-жылдагы кирешеси 296 млн долларга бааланган.

085efe1c-d14a-4e5a-ad5f-59c263ad0642

Серикжан Сейтжанов жана анын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү «САУТС Ойл», Smart-Oil, North Oil жана башка компанияларга тиешелүү болгон «Оңтүстик» социалдык экономикалык зонасына ээлик кылат. Ошондой эле, компания Rixos Khadisha Shymkent мейманканасынын ээси болуп саналат.
С.Сейтжанов эмек жолун «Шымкентпромстрой» комбинатында иштөө менен баштаган. Ал цехтин жетекчиси, башкы инженер, комбинаттын директору кызматтарын аркалаган. Олигарх ал жерде 16 жыл эмгектенген. Аталган убакыт аралыгында кандидаттык жана доктордук иштерин коргоп, цементти алмаштыруучу аралашманын технологиясын иштеп чыккан.

Ал 2018-жылы инновациялык цемент заводун курган. Ушул эле жылы ага Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев «Жылдын эң мыкты социалдык долбоору» номинациясындагы жеңиши үчүн «Парыз» алтын статуэткасын тапшырган.
Келиндин атасы Кайрат Сатыбалды 1970-жылы Алмата шаарында төрөлгөн. Ал 1990-жылы инженер-механик адистиги боюнча диплом алган.

Кайрат Сатыбалды президент Нурсултан Назарбаевдин ортончу агасы — Сатыбалды Абишевичтин уулу. Н.Назарбаевдин агасы 1981-жылы унаа кырсыктан каза болгон.
Кайрат Сатыбалды уулу — Kaspi банк холдингинин акционери. 2015-жылдагы маалыматтарга караганда, ал Kaspi Bank жана «Казахтелеком» акционердик коомунун үлүшүнө ээлик кылат. Ошондой эле, «Амир LTD», «Дүние-Агро», «Корпорация Дүние», «Дуние-Кузет» жана «Алатау Капитал Инвест» компанияларына тиешеси бар.
Буга чейин 179 миң долларга бааланган бийиктиги 4,2 метр торт Шымкенттеги үйлпөт тойго даярдалганын басылмалар жазып чыгышкан.

Тортту росиялык кондитер Ренат Агзамов жасаганы белгилүү болду. Торттун сүрөттөрү жана видеосу социалдык түйүнгө жарыяланган болчу.

Булак:turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here