Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак Жалилов Жогорку Кеңештин айрым депутаттарына жана укук коргоочуларга карата сотко кайрылган жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Акин Токталиев билдирди. Анын айтымында, айрым сайттардын Жалиловдун Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиева жана Элвира Сурабалдиева, укук коргоочулар Бүбүсара Рыскулова жана Азиза Абдирасулованын үстүнөн сотко кайрылды деген маалыматы туура эмес.

“Бизге Чубак ажыга карата жазылды делген арыз боюнча тергөө органдары жыйынтыгын бере элек. Биз анын жыйынтыгына карата чечим кабыл алабыз”,-деди Токталиев.

Өткөн жылдын соңунда Чубак ажы Жалиловдун экинчи аял алганы боюнча талкуу жаралган эле. Анда Жалилов экинчи аял алганын ырастаганы тууралуу тасма тараган. Мындан соң диний ишмердин жубайы Гүлнур Жалилова 9-декабрда күйөөсүнүн үстүнөн милицияга арыз жазганы кабарланган болчу. Арызда «өзүн жана балдарын жолдошунан коргоону» суранган, өмүрлүк жары аларды коркутканын, жашоосу жакшы болбой жатканын, аны менен чогуу жашаганды каалабай турганы жазылганы белгилүү болгон.

Милиция экс-муфтийдин жубайы «Сезим» кризистик борборуна арызданганын да ырастаган. Мындан соң Жогорку Кеңештин депутаттары жана укук коргоочулар диний ишмерге мыйзам чегинде чара көрүү маселесин көтөргөн эле.

Булак: Азаттык.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here