Цирктин сахнасында үйрөтүлгөн жаныбарлар менен даярдык учурунда  жапайы эки жолборс атка кол салган. Дрессировщиктердин ( жаныбар үйрөтүүчү) көрсөтмөсүнөн чыгып кеткен  жырткычтардын бири курсак тушунан, экинчиси моюн тарабынан тиштеп алышкан. Окуя Кытайдын Хэбей провинциясында жайгашкан Cangxian Cirque циркинде болгонун life.ru жазып чыкты.

Жолборс атка кол салганда ал сахнаны айланып качкан, бирок, жапайы жырткычтар таяктар менен чапкыласа дагы тоготпой атты тиштегенге аракет кылышкан. Ат тиштеген жерлеринен жараат алган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here