Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековдун иш күнү адатта таңкы саат сегизден кечки саат сегизге чейин созулат, кээде зарыл учурда андан да көп болуп кеткен учурлар болот. Мамлекет башчы таң эрте туруп иш баштаганга бала кезинен тарбияланып көнгөн, дейт президенттин басма сөз кызматы.

Бала кезден келаткан адат

Президенттин иш күнү адатта саат сегизден кеч башталбайт. Жети жарымда, кээде сегизге он беш мүнөт калганда ишке келип калат.

«Сооронбай Шарипович таң эрте турганга бала кезинен көнгөнүн өзүнүн бир эскерүүсүндө да айтты эле. Көрсө, чоң атасы таң эрте тургузуп, күндүз кечке кыла турган иштерди дайындап кетчү экен. Ошондой эле чарба жетекчиси болуп иштеп жүргөн жылдарда таң эрте ишти баштоо адат болуп калган. Губернатор, премьер-министр кызматында иштеп турган жылдары да бул адатын калтырган жок. Азыр президент кызматында турганда да иш күнүн эрте баштагандан кайткан жок»,-дейт президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева.

Президенттин күндөлүк иши эң биринчи өлкөдөгү абал менен таанышып, маалымат алуудан башталат. Биринчи кезекте Интернеттеги булактарды карайт, ошондой эле газеталарды барактап чыкканга да жетишет.

Президенттин иш бөлмөсүндө телевизор көбүнчө убакытта иштеп турат. Документтердин үстүнөн иштеп жаткан учурда гана телевизор өчүк болот. С. Жээнбеков өлкөдөгү кадыресе көрүүчүдөн көп деле айырмаланбайт, эл көргөн жергиликтүү жана эл аралык каналдарды көрөт, анын ичинде жаңылыктар жана аналитикалык программаларды көп көрөт.

Андан сырткары, басма сөз кызматы президентке тийиштүү түрдө басма сөз баяндамасын даярдап берип турат.

«Объективдүү маалымат алуу максатында Президент газеталарды жана башка маалымат булактарын өзү карап чыкканга да убакыт табат»,-дейт Т. Стамалиева.

Демек, Сооронбай Жээнбеков өзүнүн аппараты айткан-дегенден сырткары өлкөдөгү кырдаалды, болуп жаткан окуяларды өзү дагы экинчи же үчүнчү көз каранды эмес башка булактардан алып, салыштырып карап, тактап маалымат алат деп ишенсек болчудай.

Жарандардын арыз-муңу президентке жетет

Түшкө чейинки убакытта өлкөдө болуп жаткан актуалдуу маселелер боюнча жыйындарды өткөрөт, тийиштүү мамлекеттик мекеме-уюмдардын жетекчилерин кабыл алып сүйлөшөт. Ошондой эле өзүнүн аппаратынын кызматкерлерин кабыл алат, күн тартибиндеги маселелерди талкуулайт. Биринчи кезекте турган документтер менен таанышат. Түштөн кийин бир саат туруктуу түрдө документтерге кол коюуга жумшалат.

Президенттин иш убактысы кечки саат сегизге чейин созулат. Зарылчылыкка жараша кээде тогузга чейин калып калган учурлар да болот.

Президенттин аппаратында жарандардын жеке арыз-кайрылууларын карап иштеген атайын бөлүм бар. Ошол бөлүмдүн сунуштары боюнча жана жардамчысы аркылуу жарандарды жеке маселелер боюнча атайын түзүлгөн график боюнча кабыл алат. Ошондой эле аппараттагы тармактык бөлүмдөрдүн кызматтык билдирүүлөрү боюнча дагы жарандарды кабыл алуу каралган.

«Президенттин атына жазылган каттардын баардыгы тең Сооронбай Шариповичтин жеке өзүнө жетет»,-дейт басма сөз катчысы.

Интернетке да убакыт бар

Азыр Интернет дүркүрөп өнүкккөн замандар мамлекеттик башкаруучулардын дагы кесиптик ишмердигин Интернетсиз элестетүү кыйын. Мисалы, АКШнын президенти Дональд Трамп өзү Твиттерге байма-бай тигил же бул маселе боюнча өзүнүн ой-пикирин билдирип турганы элге көнүмүш иш болуп калды.

Кыргыз президенти Сооронбай Шарипов дагы мезгилден арта калбай, Интернет менен тыгыз иштеген башкаруучулардын катарына кирди.

Иш убактысында Интернеттеги булактарды зарылчылыкка жараша карап турат. Ошондой эле социалдык сайттарды дагы активдүү колдонот. Фейсбук, Твиттер, Инстаграммда катталган.

Социалдык сайттардагы аккаунттары премьер-министр кезинде эле ачылган. Президенттикке талапкер кезинде дагы аккаунттары кайрадан жаңыланган. Социалдык сайттардагы ишти негизинен азыр басма сөз кызматы алпарат, бирок өзү дагы ара-чолодо карап турат.

«Кандайдыр бир арыз-дооматтар менен кайрылган жарандар болсо, биз президент менен тааныштырып, аппарат аркылуу жоопторун беребиз. Кээ бир учурда президенттин өзү дагы жооп кайтарган учурлар бар»,-дейт Т. Стамалиева.

Жол тосконду жактырбайт

Сооронбай Жээнбеков

Президент ишке келатканда Бишкекте чоң көчөлөрдү тосуу адатына шаардыктар деле көнүп бүткөн. Бирок С. Жээнбеков президент болгондон кийин көчө тосуудагы ыңгайсыздыктар азайган жагына кетти десек болот. Эң оболу президент өзү келаткан багытка каршы багыттагы кыймылды тосконду токтотту.

«Президент ишке Айтматов проспекти менен келет. Бул көчөдө административдик мекемелер, мектептер, бала-бакчалар көп. Экинчиден,7:30-7:45 те тыгындар деле болбойт. Бирок, ошого карабастан, ыңгайсыздыктарды жоюу максатында карама-каршы келаткан багытты тосконду токтоттурду,-дейт Т. Стамалиева. — Ошондой эле президент келаткан багытты алдын ала жарым саат эртелеп тостурбастан, ар бир кесилишти өзүнчө жаап калышты. Ошондуктан президент өтүп бараткан учурда көчөдөгү жарандар беш-он мүнөттөн көп күтпөйт. Мунун баары, президенттин өзү айткандай, эң оболу элдин ыңгайына карап иш кылуу максатында болуп жатат».

Булак: www.bbc.com

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here