Бул тууралуу өткөн жумада Жогорку Кеңештеги коррупция боюнча жыйында белгилүү болду. Анда депутат Кенжебек Бокоев :«2016-жылы кызматтык жасалмалуулук боюнча кылмыш иши козголду эле. Анда Кыргызстандагы 996 Кытай жаранына өлкөдө жүрүүгө уруксат берген мыйзамсыз документтер берилгени аныкталган. Ыкчам маалыматтар боюнча ар бир чет элдик жаран мына ошондой документ алуу үчүн 3 миң доллардан 5 миң долларга чейин пара беришет экен. Ошондо бул кытай жарандарынын иши боюнча эле 5 миллион долларга чукул коррупциялык акча айланганын байкоого болот. Мына ошол кылмыш иши эки жылга чукулдап калса дагы бир жыйынтыгы чыкпай, тынчып эле кетти. Мына ошол иш эмне болгон?»- деген суроону Башкы прокуратуранын өкүлүнө узатты эле, ал убагында бул иш боюнча кылмыш иши козголгонун, кийин Башкы пркуратурадан тергөөнү алып койгондон кийин, жыйынтыгы эмне болгондугун жакшы билбестигин айтты. Кыязы, Экономикалык кызматтарга каршы кызмат калган ишти улантса керек. Бирок аталган кызмат деле кыйратып жыйынтык чыгарганын уккан жокпу. Деги эле Замир Осмонов жетектеген бул кызмат жакшы иштей албай, коррупцияга каршы күрөштөрдө шалаакылык кылып келет. Алэми бир жылда 1000ге жакын кытай жараны Кыргызстанга киргени – бул билинип калганы эле. Билинбей, арк айсы тешик менен эшиктен таасирдүү чиновниктердин аркасы менен кирип, ошол бойдон Кыргызстанда калып калган кытайлар бери жагы миңдеп саналат. Бул кашкайган чындык. Атка минерлер акча үчүн кытай эмес, Кыргызстандын анык душмандарын деле киргизип, төргө өткөрүп, укмуш сыйлап, алараг бардык шарттарды түзүп бергенге деле даяр. Минтип олтурсак, өлкөбүз өнүгүбү? Кытайларды Кыргызстанга көп киргизек жыргап кетебиз деген чоң жаңылыштык. «Кытай деген кебез менен мууздайт». Бул сөздү эч качан эшитпей калды окшойт, бул кейпи менен Эштекбайлар…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here