Эске сала кетсек, 2014-жылы абактан качып кеткен кылмышкерлердин колунан Бакай Сыдыгалиев аттуу 28 жаштагы милиция кызматкери каза тапкан эле. Анын жубайы жолдошунун айрылгандан кийин милицияда иштеп баштаган экен. Эми ошол Айнагүл Эгембердиева 7-январда Бишкектин чет жагындагы тоолордо эс алып жүрүп, тоодон кулап кетип, ооруканага жаткырылган. Бирок ал алган жаратынан улам кечээ каза тапканы маалым болду. Алардын артында 2 бала калды.