Чагылган: Канжар Кадыралиев деген өзүнөчө эле бир укмуш болду го. Ага кылмыш иши козголуп, иши сотко өткөнү качан. Канжар камалып турган кезде Текебаев эркиндикте бакылдап жүргөн. Анан Канжардын соту бүтпөй чубалжып жаткан кезде, Текебаевдин соту ыкчам бүтүп калды. Ал эми кана адамды сыздаткан Канжарды сыртка чыкпоо тил каты менен чалчактатып койдуңар. Кадыралиевдин ишин эми Жогорку Сот караганы турат. Бул сот Канжарды суудан кургак чыгартып койгон райондук сот, облустук соттордун чечимдерин жокко чыгарабы, же ал чечимдерди күчүндө калтырабы?Же эбин таап актап салабы?  Же Кадыралиев бийликтин тилин таап, сот акелердин оозун майлап жатабы? Айтор бул жерде бир мандем бардай…

Эске сала кетсек, Канжарга бир эмес, бир нече кылмыш иши козголгон.

2014-жылы Башкы прокуратура Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Кадыралиевге карата Кылмыш кодексинин “Бейбаштык”, “Опузалоо” жана “Өзүмбилемдик” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, аны кызматынан бошоткон. Учурда ал өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат менен эркиндикте жүрөт. Ушул да адилеттикпи?

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here