Түндүк-Казакстан облусунун имамдары жаназа жана диний башка ырым-жырымдар учурунда ысырапкорчулукка жол бербөө чечимин кабыл алышты.
Имамдардын айтымында, мындай чечимдин максаты – шариятка каршы келген ысырапкорчулукту токтотуу, кара жамынып аза күткөн үй-бүлөгө ооручулук келтирбөө болуп саналат.
Жаназа, жетилик, кыркылык жана аш учурунда дастарконду ашкере толтурууга, жаназа катышуучуларына жыртыштарды, кийим-кечектерди жана башка буюмдарды берүүгө тыюу салынды. Бул чечимдин аткарылышын облустук, шаардык, райондук жана айылдык мечиттердин имамдары, андан тышкары молдолор менен ажылар көзөмөлдөйт.