Казакстандын Шымкент шаарында жаштардын үлпөт тоюна укмуш кооз, чоң торт жасалды.

Тортто  жубайлардын атка чегерилген арабада келип, хан сарайга кирип кеткени кймыл менен көрсөтүлгөн. Анын узундугу 3 метр, бийиктиги 4,2 метр болуп, жалпы чыгымы 179 миң доллар болгон.

Тортту жасаган мастер Агзамовдун  айтымында аны жасоого 3 күн убакыт кеткен. Таттуу торт кеченин конокторун гана эмес, интернет колдонуучуларды дагы таң калтырып, «дүйнөдөгү сегизинчи керемет » деп пикир калтыргандар дагы болду.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here