Чечендердин ынтымагын, элинин биримдигин, эң башкысы президенти Кадыровдун өз элине жаккандай иштеп жатканын айтса болот. Дүйнөдө чечендерден кызуу кандуу, көк, сөзүнө, ишине туруктуу элдер азыраак. Булар бири-бирине өтө карамдуу болушат. Аны байкап эле жүрөбүз. Динди бекем кармашып, бири-бирине жакшы жардам көрсөтүшөт. Буга бир мисал катары Чечен президентинин бир ишин айтсак болчудай. Ал жакында Азербайжандын Гербония шаарында жардамга муктаж чечен улутундагы Мадина Алиева деген кемпир бар экенин угуп, ага өз өкүлдөрүн дароо жөнөттү. Алар кур барбай, кемпирге керектүү оокат -ашын ала барышкан. Алар жаңы-жыл алдында кемпирди тоңуп кыйналган абалында көчөдөн табышыптыр.  Эми ошол кемпирди ал жерде калтырбай Чеченстанда алып келип, мамлекет камкордугуна алганы айтылууда.

Ал кемпир Иракка бармакчы болгон экен. Бирок  кара ниет адамдар анын акчасын уурдап алышып, өзүн  Азербайжанга калтырып кетишкен. Анын Чеченстандан өз убагында алган документтери жок болгон. Жаңы документтер менен чечен мамлекетти камсыздамакчы. Мына ар бир президент дүйнөнүн ар бир өлкөсүндөгү жардамга муктаж болуп турган улутташына, мекендешине ушундай жардам кылса, атаганат…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here