Акыркы учурларда Американын президенти Чеченстандын президенти  Кадыровго каршы ар кандай катуу сындарды айтып, аны «эң жаман, эң коркунучтуу»  адамдардын бири катары сыпаттап келет. Маселен, аны АКШга киргизбөө Магинитский тизмесине киргизүү ж.б. Бирок Кадыровдун ага башы деле ооруган жок. Оорубайт дагы. Эми ага жооп кылып Чечен парламенти, анын спикери Магомед Даудов дүйнө коомчулугуна билдирүү  таратты. Спикер жана депутаттар БУУ жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмдары баштаган дүйнөлүк коомчулуктан Трамптын ишмердигине тоскоол болууну суранышкан.  «Дональд Трампты токтоткула! Бул шоумен мындан ары да АКШнын башында турса, бүткүл дүйнө жүзү согуш желесине илиниши ыктымал» деп жазышкан. Ошондой эле чечен спикери Трампты Гуантанамо абагына камаш керек эсептей турганын да билдирген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here