Энеси «товарын» 1,5млн рублга баалаган.

Россиянын  Челябинск областынын жашоочусу Ирина Гладких өзүнүн 13 жаштагы кызынын «кыздык» белгисин сатып, акчалуу болгусу келген. Ага курбу кызы жардам берген. Бул тууралуу  НТВ  каналы кабарлаган. 

Кызына кардар тапкан эне Москвага курбу кызына жөнөгөн. Жолугушуу кафеде болгон. Ал жакка Ирина кызынын  бардык медициналык справкаларын ала барган. Бактыга жараша «сатып алуучу» полициянын кызматкери болгондуктан, акчаны бергенден кийин дароо кармашкан. Учурда Ирина жана анын курбусу жашы жете элек кызды сексуалдык эксплуатациялоо максатын көздөгөн деген айып менен кармалып турат.

 Ирина Гладких жалгыз-бой эне болгон. Официалдуу түрдө эч жерде иштеген эмес. Буга чейин сойкулук менен иштеп жүргөндүгү маалыматта айтылат. Ал кызы үчүн өзүнүн кардарларынын арасынан биринчи издеген.

Ошондой эле кызды буга чейин чет элдик кишилерге сатууну каалаган, бирок баасын келише албай коюшкан. Кылмышкерлер эми 10 жылга абакка кесилиши мүмкүн.

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here